(Эй Мухаммад), ушул Китепте (Куранда) Мариямды эстегин: Ал өз үй-бүлөөсүнөн четке - күн чыгаар тарапка барып, алардан жашынып алган чагында Биз ага Өз рухубузду - (Жебрейилди) жибердик. Анан ал (Мариямга) бүтүн (дана) адам болуп көрүндү.

Календарь

07 февраля 2017

Тоң районундагы имамдар эки жумалык квалификациялык окуудан өтүшөт

Мuftiyat.kg/ 7-февраль/ Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов «Расул Акрам» Ислам институтунун жетекчилиги  менен жолугушуп,  аймактагы дин кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатып, тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты.

Жалал-Абадда ажылыкка каттоо башталды (даректери, телефондор)

Мuftiyat.kg/ 7-февраль/ Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын буйругунун негизинде Жалал-Абад облусунун аймагында 2017-жылы ажыга баруучуларды каттоо башталып, 8 пункт ажылык сапарга  баруучуларды кабыл ала баштады. Учурда кабыл алуу  пунктарында сыноодон өткөн атайы адистер иш алып барышып, жарандардын бардык суроолоруна жооп беришүүдө. Ажыга баруучуларды каттоо үстүбүздөгү жылдын 6-февралында башталып 6-мартта аяктайт.

Сурап билүү үчүн байланыш телефондор: 03722 5-00-40 же 0 772 20-73-19. 

Тоң районунун баш имам хатиби №81 кесипчилик лицейинин окуучулары менен жолугушуп, аларга ыймандуулук туурасында баяндама жасады

Мuftiyat.kg/ 7-февраль/ Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов  Ж. Бөкөнбаев айылындагы №81 кесипчилик лицейинин студенттери менен жолугушту. Иш-чара «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата уюштурулуп, баш имам хатиб кесиптик окуу жайынын студенттерине кызыктуу баяндамаларды айтып берди.

Майлуу-Сууда жаштар арасындагы суицидке каршы түшүндүрүү иштери башталды

Мuftiyat.kg/ 7-февраль/ Майлуу-Суу шаардык хатиби Абсатар ажы Эркинбековдун катышуусунда шаардын Майлуу-Суу колледжинин, медициналык колледждин жана Борбордук Азия колледжинин мугалимдери жана студенттери менен жолугушуу өткөрүлүп,анын алкагында суицид жана ага каршы туруу, интернеттин зыяндуулугу деген темаларда баяндамалар айтылды.

Ош шаарындагы имамдар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин баштады

  Мuftiyat.kg/ 7-февраль/ «Ыйман, Адеп - Маданыят» жылына карата Ош шаарынындагы В.И.Ленин атындагы №10 орто мектеп жыйындар залында укук корго оргондары менен шаардык казыят «Өспүрүмдөрдү терс диний агымдардын азгырыктарынан оолак кылуу» аталышындагы  жыйын уюштурулуп, ага ш шаарынын Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Тотктомушов Мирланбек, ИИМдин Ош шаардык башкы башкармалыгынын 10-бөлүмүнөн Н. Шерикбаев, аймактык милиция кызматкери, Сулайман Тоо аймактык кеңештин төрагасы А.

Ак-Суу райондук хатибияты Ак-Чий айылындагы жаштар арасында Куран жарыш өткөрүштү

Мuftiyat.kg/ 7-февраль/ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айылында райондук хатибият   жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте Ак-Чий  борбордук мечитинде жаштар арасында Куран жарышын өткөрдү. Аталган мелдешке райондук баш имам хатиб Асантур ажы Абдрахманов,  облустук казыят кызматкерлери, айыл тургундары катышты. Куран жарышына 6 жаштан 15 жашка чейинки уландар катышып, сынак жогорку деңгээлде уюштурулду.

Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби шаар тургундары менен жолугушууну улантууда

Мuftiyat.kg/ 7-февраль/ Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Аллаяр ажы Мадалиев шаардагы  "Арапбаев Абдулла ажы”, "Холикчи ата " жана  "Достук" жума мечиттеринин жамааты менен жолугушуп, эл арасында ынтымак-ырашкерликти жандандырып, жамаатты ынтымактуулук жана биримдикти сактоого чакырды. Мындан сырткары КМДБ тарабынан келген 2017-жылкы Ажылык жөнүндөгү жаңы буйруктун негизинде калкка кеңири түшүндүрмө берип, ажылык сапарына каттоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди айтып өтт

Жалал-Абаддагы дин кызматкерлер мекен сакчылары менен жолугушуп, эл-жерди сүйүүгө чакырышууда

Мuftiyat.kg/ 7-февраль/ Шамалдуу-Сай шаарчасындагы №713  Майлуу-Суу шаарында жайгашкан №30-295 аскердик бөлүгүнүн жоокерлери менен Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатибдери жолугушуп, мекен сакчыларына Ислам динин баалуулуктары жана мекенди коргоонун диндеги орду туурасында баяндама жасап, мекенди коргоо ыйык милдет экендигин баса белгилешти.