Ал ата-энесине мээримдүү болуп, жабыр, зулум кылуучу, баш ийбес эмес эле

Намаз убактысы

Багымдат
06:26
Күн чыгышы
08:00
Бешим
12:49
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:55

Календарь

14 ноября 2017

Кыргызстан Ислам Университетинин окумуштуулар кеңеши окуу жайдын билим берүү тармагындагы иштерди талкуулашты

Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Кыргызстан Ислам Университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, ага Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана окумуштуулар кеңешинин жалпы мүчөлөрү катышты. Отурумда окумуштуулар кеңешинин, окуу усулудук бирикмесинин, кураторлордун, студенттик кеңештин, теология жана гуманитардык сабактар кафедрасынын жоболору жана алардын окуу пландары каралды.

Манас районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дин кызматкерлери менен биргеликте экстремизмдин алдын алуу максатында түшүндүрүү ишин жүргүзүшөт

Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев  Манас райондук администрациясынын аппарат башчысы Айнабеков Алымбек Акматбекович менен жолугушуп, 14-ноябрдан 21-ноябрга чейин  экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында ар бир айыл өкмөттүн базасында өткөрүлө турган түшүндүрүү иштеринин жүрүшүн талкуулашты. Ошондой эки тараптуу жолугушууда ысырапкерчиликке  жол бербөө маселеси дагы көтөрүлүп, бул жаатта атайын тегерек стол уюштурулаары маалым болду.

Кара-Саз айылындагы борбордук мечитти жергиликтүү эл оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүүдө

Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Саз айылындагы борбордук мечит айыл имамы  Рысбек ажы Күлташовдун жана жергиликтүү жамааттын демилгеси менен оңдоп-түзөөдөн өтүп,  курулуш иши жергиликтүү элдин жардамы менен ишке ашырылууда. Борбордук мечиттин оңдоп-түзөөсүнө 130 миң сомдук акча каражаты сарпталып, жергиликтүү элдин айрымдары накталай чогултушса, кай бирлери козу-кой кылып, колдон келген салымын кошушкан. Учурда мечиттин ичи жасалгаланып, жылуулугу жана майда-барат муктаждыктары толукталууда.

Тоң райондук хатибияты мектеп окуучулары арасында «Адам оңолсо аалам оңолот» аттуу теманын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Тоң райондук хатибияты атайын иш пландын негизинде «Адам оңолсо аалам оңолот» аталышындагы тема менен райондогу мектептерди кыдырып, окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында адеп-ахлак сабагы боюнча олимпиада башталды

Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Ыйман, адеп жана маданият жылына карата Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз карынын демилгеси менен  облус аймагындагы бардык диний окуу жайларда адеп-ахлак сабагы боюнча биринчи олимпиада болуп өтүп, ага “Аиша Сиддика”, “Аз-Захра”, “Имам Аьзам”, “Имам Тирмизий”, “Арстанбап ата”  медреселеринде жана Амир Хамза ислам институтунда билим алып жатышкан 1-2-3-4-курстун студенттери, ошондой эле Алтын Урпак мекемесинин окуучулары катышты.

Ошто «Мухаммед-Умар Ош» коомдук фондунун колдоосу менен диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

 Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Кечээ, 13-ноябрда Ош шаарында “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Ош облусунун мусулмандар казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук фонду тарабынан Ош облусундагы диний окуу жайлардын студенттери арасында спорттун футбол жана волейбол түрү боюнча облустук деңгээлдеги мелдеш болуп өттү.

Кадамжай райондук жана шаардык хатибияттарынын заманбап иш кеңселеринин курулуштары аяктоо алдында

Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Кадамжай райондук жана шаардык хатибиятынын заманбап иш кеңсесинин курулуш аяктап, ишке берилүү алдында турат. Кадамжай районун баш имам хатиби Мирзаев Аскарали ажынын айтымында кеңсе заманбап шарттары менен жергиликтүү жашоочулардын көмөгү менен курулга. Кеңседе хатибият кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн сырткары аялдар үчүн окуу борбору өзүнчө курулган.

Талас шаарынын баш имам хатиби "Али ибн Аби Толиб" медресесинин студенттеринен кабар алды

Muftiyat.kg/ 14-ноябрь/ Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек ажы Бешкемпиров "Али ибн Аби Толиб" медресесинин студентери менен жолугушуп, анын алкагында илимдин жана Куран окуунун артыкчылыктарын Пайгамбарыбыздын (с.а.в) кереметүү хадистеринен баяндап берди. Муну менен катар Талас шаарынын баш имам хатиби  студенттерди илим аган соң аны келечек муундарга жеткирип, коомчулукту туура жолго баштоого чакырып, мекен үчүн ак кызмат кылууга үндөдү.