Муфтият-FM

Ага туулган күнүндө да, өлө турган күнүндө да, кайра тириле турган (күнүндө да, тынчтык - амандык болот).

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

04 апреля 2018

Ош облустук казыятында райондордун башкы имам хатиптери кварталдык отчетторун тапшырышты

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинде Ош облустук мусулмандар казыятында аймактарды өнүктүрүү жылына карата райондук башкы имам-хатиптердин кварталдык отчетторун кароо жыйыны болуп өттү. Аталган иш-чарага облустагы 7 райондун башкы имам-хатибдери жана казыят кызматкерлери катышышты. Жыйындын жүрүшүндө аймактарды өнүктүрүү жылына карата райондук башкы имам-хатиптер тарабынан 2018-жылдын 1-кварталында аткарган иш-чаралар боюнча маалыматтар берилди.

Түп районунун баш имам хатиби аким Элчибек Джантаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев район акими Элчибек Джантаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана биргеликте иш алып баруу жаатында пикир алышты. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Бакыт ажы Кайкиев терс диний агымдардын алдын алууда жана аракечтик, суицид, зомбулук, рекетчилик темаларында имамдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштери туурасында айтып, бул иштер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өтүп жаткандыгын маалымдады.

Түп районунун Сары-Булак айлында диний кырдаал талкууланды

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Сары-Булак айылынын маданият үйүндө райондун администрация башчысы, РИИБ, МУКК жана Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиевдин катышуусунда диний кырдаал талкууланды.  Жыйынга айыл аксакалдары, жаштар катышып,  терс диний агымдар, ысырапкерчилик, ынтымак менен биримдиктин маанилүүлүгү айтылып, кандай гана диний маселе жаралбасын дин кызматкерлеринен суроо керек экендиги айтылып, имамдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташуусу менен ар кандай терс диний агымдардын алдын алууга

“Абдыжапар” Ислам институтунда медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу долбоорунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүлдү

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Кара-Суу районундагы “Абдыжапар” Ислам институтунда “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун улантып кетүү иш-аракетине мониторинг жүргүзүлдү. Иш-чарага аталган институттун ректору Нурбек кары Орунбаев, “АВЕП” коомдук фондунун “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун менеджери Нарынбек Кыдыргычев, долбоордун демөөрчүсү болгон АКШнын Кыргызстандагы Элчисинин билим берүү жана маданият иштери боюнча кеңешчиси Дженифер Букбайндер жана окуу жайдын студенттери катышышты.

Каракол шаарынын баш имам хатиби №14- кесиптик лицейдин окуучуларына «Арак жана зына» темасында баяндама жасады

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков 2018-жылга карата түзүлгөн иш мерчемге ылайык Каракол шаарындагы №14- кесиптик лицейинин окуучулары менен жолугушуп, «Салт жана дин», «Арак жана зына», «Ислам тынчытыктын дини», “Экстремизм, терроризм-Исламдан эмес” темаларында баяндамасын жасады.

Кара-Кулжа хатибияты аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу үчүн окуу курсун уюштурат

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Бул боюнча бүгүн, 4-апрелде Ош облустук казыятынын Кара-Кулжа районундагы мониторинг өткөрүү иш-чарасында белгилүү болду. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакиров, казыяттын аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Жамила Жапашова жана Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби Дастан ажы Мамаев катышты.

Тоң райондук хатибияты Төрт-Күл айылындагы турмуш шарты оор 3 үй-бүлөгө 6 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөттү

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акуновдун демилгеси, айыл элинин демөөрчүлүгү менен биргеликте Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы турмуш шарты оор 3 үй-бүлөгө 6 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. Муну менен катар күнүмдүк турмушка керектелүүчү тамак-аштар берилип, муктаж үй-бүлөлөрдүн жүздөрүнө кубаныч тартууланды.

Терс диний агымдардын алдын алуу максатында Чүй облусунун бардык аймактарында түшүндүрүү иштери башталат

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Чүй облусунун мусулмандар казыятында казыят кызматкерлери, Чүй облусундагы баш имам хатибтер, Чүй облусунун ИИББнин экстремизмге каршы күрөшүү кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын лейтенанты Д.В.Пышкин жана КР ИИМнин экстремизмге каршы күрөшүү кызматынын ыкчам өкүлү, милициянын кенже лейтенанты М.Ж.Карабаевдин катышуусунда жыйын өттү. Жыйын алкагында ИИМ кызматкерлери туура эмес агымдарга каршы жүрүп жаткан иш – чараларын айтып берип, имамдардын жардамы тийип жаткандарын айтышты.

Тоң районунун баш имам хатиби Ж.Бөкөнбаев айылынын жергиликтүү жашоочулары менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов Ж.Бөкөнбаев  айылындагы борбордук мечитте жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, айыл элинин ынтымагынын бекемделиши, жаштардын адептүүлүгү, улуттар арасындагы достук, Ханафий мазхабы жана Матрудий акыйдасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Кадамжай районунда ишембилик акциясы активдүү улантылууда

Muftiyat.kg/ 4-апрель/ Кадамжай  районунун Халмион, Актурпак айыл аймактарында  ишембилик иш чарасы уюштурулуп, ага  дин кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар  активдүү катышууда. Иш чара алкагында тазалоо, оңдоп-түзөө жана көчөт отургузуу иштери аткарылып, мечиттердин,  көрүстөндөрдүн айланасы таштандылардан тазалынды.