Муфтият-FM

(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

06 апреля 2018

Каракол шаарынын баш имам хатиби «Адам оңолсо аалам оңолот» темасынын алкагында №2028 аскер бөлүгүнүн жоокерлери менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 6-апрель/ Кечээ, 5-апрель күнү Каракол шаарынын баш имам хатиби №2028чи аскер бөлүгүнүн жетекчилиги менен биргеликте «Адам оңолсо аалам оңолот» аталышындагы маалымат жыйынын өткөрүшүп, ага 300 жоокер катышты.

Жергиликтүү элдин демөөрчүлүгү менен Григорьевка айылындагы борбордук мечиттин дааратканасы жаңыланууда

Muftiyat.kg/ 6-апрель/ Ысык-Көл райондук хатибиятынын мечиттерди оңдоп-түзөө боюнча жылдык иш планына ылайык Григорьевка айылындагы борбордук мечиттин дааратканасы жаңыланып, заманбап шартта оңдолууда.

Борборук мечиттин дааратканасы жергиликтүү элдин колдоосу менен оңдолуп, бардык керектүү ыңгайлуулуктар түзүлмөкчү.

Түп райондагы аксакалдар баш имам хатиб менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт

Muftiyat.kg/ 6-апрель/ Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев райондук аксакалдар сотунун төрагасы Жолоочу Кыштобаев жана аксакалдар кеңешинин өкүлү Токторбек Сунанов менен жолугушуп, коомчулук арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, жаштарга терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү тездетүү жаатында пикир алышты.

Тоң районунун баш имам хатиби Темир-Канат айылындагы имамдардын ишин текшерди

Muftiyat.kg/ 6-апрель/ Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов Темир-Канат айылына иш сапары менен барып, аймактагы имамдардын ишмердүүлүгүнөн жеринде кабар алды. Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулуп, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, облустук казыяттан келген буйруктардын аткарылышы текшерилди.

Ушул эле күнү райондогу имамдардын катышуусунда спорттук турнир өтүп, дин кызматкерлери волейбол оюну боюнча өз күчтөрүн сынашты.