Муфтият-FM

Кимде-ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат!

Намаз убактысы

Багымдат
04:21
Күн чыгышы
06:07
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:55
Куптан
21:25

Календарь

13 апреля 2018

Бишкек казыяты шаардык ЖКККБ менен биргеликте “Адам жаны аманат” аттуу акция өткөрүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Бишкек шаарынын мусулмандар казыяты шаардык жол кыймылынын коопсуздугун  көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте “Адам жаны аманат” аттуу акция өткөрүшүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жол эрежелерин сактоо, адамдын жанынын баалуулугу туурасында баяндамаларын айтышты.

Нарын районунун баш имам хатиби «Мыкты насаатчы» төш белгиси менен сыйланды

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Нарын районунун акиминин орун басары Жумаева Роза Ражаевна Нарын районунун баш имам хатиби Кумар Орозалиевди   «Мыкты насаатчы»  төш белгиси менен сыйласа, Нарын медресесинин Куран сабагынан берген мугалими Искендеров Насруллого Нарын райондук акимияты тарабынан  «Мыкты адам» төш белгиси ыйгарылды.  Нарын районунун акиминин орун басары сыйлык ээлерин куттуктап, Ислам дининин баалуулуктарын жайылтууда коомчулукка туура маалыматты жеткирип, күжүрмөн эмгектерин улантууга чакырды.

Азирети Муфтий Ош шаарындагы Саида Хадича медресесинде билим алып жаткан студенттерден кабар алды

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош шаарындагы Саида Хадича медресесинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, «Аял затынын Ислам дининдеги орду жана Куран үйрөнүүнүн даражасы» темасында лекциясын окуп берди.  Студенттер менен болгон жолугушууга Ош шаарынын казысы Убайдула ажы Сарыбаев жана Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев катышып, өздөрүнүн баяндамаларын айтышты.

Ат-Башы районундагы 21 мектептин жетекчиси Нарын казыятын жана Нарын медресесин зыярат кылышты

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Кечээ, 12-апрель бейшемби күнү Ат-Башы районунун мектеп директорлору, орун басарларынан турган 21 агартуучу Нарын казыятына жана Нарын медресесин зыярат кылышып, облустук казыят жана медресе тарабынан аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып кайтышты. Муну менен катар мектеп жетекчилери окуучулар тарабынан даярдалган программага күбө болушуп, медресе мүдүрү Баатыр Жакыповдун лекциясын угуп, ой бөлүшүштү.

Азирети Муфтий Ош облустук казыятынын жаңы имаратынан кабар алды

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облустук казыятынын жаңы бүткөрүлгөн имараты менен таанышып, казыят кызматкерлери менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев казыяттын 3 кабаттуу имаратынын ичинде болжолдуу пландалган жыйындар залы, офисттик кеңсе бөлмөлөрү жана окуу борбор залдары менен тааныштырды.

Жалал-Абаддагы ДИМК өкүлү “Аиша Сиддика” медресесинин студенттери менен жолугушуп, окуучулардын суроолоруна жооп берди

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад областы боюнча өкүлү Кайсарбаев Нурбек Жанарбекович Сузак районуна караштуу “Аиша Сиддика” кыз-келиндер медресесинин мүдүрүнүн милдетин аткаруучу Капарбек Абдыкалыков менен биргеликте “Аиша Сиддика” окуу жайынвн студенттери менен жолугушту.

Ош облусунун казысы тронспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Ош облустук комитетинин төрагасы менен жолугушту

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев тронспорт жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Ош облустук комитетинин төрагасы Камчыбек Абдивалиев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Абдувалиев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан демилгеленген “Адам жаны аманат” аттуу акциянын жер-жерлерде өткөрүлүшү абдан маанилүү иш-чара экендигин белгилеп, кесиптик кошундун атынан ыраазычылык билдирди.

Ысык-Көл облустук казыяты айдоочуларды сак болуп, жол эрежелерин бузбоого чакырышты

Muftiyat.kg/ 13-апрель/ Ысык-Көл облустук казыяты Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жол эрежелерин сактоо максатында  чыгарылган буйругун ишке ашыруу максатында бүгүн, 13-апрелде Ысык-Көл облустук Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте казыят “Адам жаны аманат” аттуу акция уюштурду.