«„О, Аллаh! Мы отозвались на Твой призыв! Мы искренне отозвались — призывая, что нет у Тебя сотоварища! Воистину, Хвала Тебе и блага только от Тебя, милость и власть! Нет у Тебя сотоварища!“».

Намаз убактысы

Багымдат
06:46
Күн чыгышы
08:25
Бешим
13:13
Аср
16:20
Шам
18:03
Куптан
19:41

Ажылык-Умра жана эл аралык байланыштар бөлүмү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Ажылык-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев 

Мусулмандардын бирден-бир ыйык парздарынын бири болгон ажылык ишин уюштуруу бир топ жөнгө салынып, 2017-жылдан тарта толугу менен электрондук системага өттү. Коомчулук арасындагы ар кандай ишембөөчүлүктү жаратып келеген ажылык иши 2014-жылдан бери ирээтке келтирилип, толугу менен бир системалуу жолго түшүп, эң башкысы коррупциядан арылды. Муну менен катар 2015-жылдан тарта кыргызстандык ажыларды заманбап автобустар тейлеп, тамак-аш, мейманканалар жакшыртылды. Ажыга барууга акы төлөөнүн жана жарандарды эсепке алуунун электрондук системасы киргизилди. Бүгүнкү күндө  ажыга акы төлөө боюнча  РСК  мамалекеттик банкында эсептик счеттор ачылып, бардык төлөмдөр  которуу жолу менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ажылыкты ачык-айкын өткөрүү максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекемелер аралык комиссия түзүп, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келишүүдө. Быйылкы жылы Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу иштерине «ЭҢ ЖАКШЫ» деген баасын берип, мындай жетишкенчилиги үчүн Кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди.