Жалпы ажы башчыларга Мина, Муздалифа, Арафат боюнча жыйын өтүп, тапшырмалар берилди

Бүгүн, 12-июнь күнү Мекке шаарынын Азизиййе районундагы №7 конок үйүндө ажы башчыларга жалпы жыйын өткөрүлдү. Жыйында Мина, Муздалифа жана Арафаттагы ибадат графиктери боюнча нускамалар берилип, тапшырмалар жүктөлдү.
Штаб башчысы Самидин кары Атабаев бардык кызматтарды так, жоопкерчилик жана сабыр менен аткарууга үндөп:
«Ажылык күндөрү белди бекем бууп, Алланын ыраазычылыгы үчүн ак кызмат өтөйлү. Мойнубузда 6 миң кишинин жоопкерчилиги турат. Жараткандын даргөйүндө да, элдин алдында да жүзүбүз жарык болуп, ажылардын дубасын алууну насип кылсын. Ыйык жайларда, өзгөчө Арафатта элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, үммөт үчүн тынбай дубада туралы», – деп билдирди.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов жалпы ажыларга КР ПРезидентинин саламын жеткирип, жалпы зыяратчылардын ажылыктарынын кабыл болуусуна тилектеш экенин билдирди.
Саамалыкка Азирети Муфтийдин орун басарлары Асан ажы Сыргабаев, Жолдошбек ажы Абдылдаев, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү жана ажы башчылар катышты.
Эскерте кетсек, 14-июнь күнү ажылардын Минага көчүүсү менен ажылык ибадаттары башталат.