Аалымдар Кеңешинин төрагасы кыргызстандык ажыларга сабак өттү

УКШ өкүлү, АК төрагасы Замир кары Ракиев ыйык Мекке шаарынын Азизиййе жана Кудей райондорунда жайгашкан №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7, №8, №9, №10, №11, №12 жана №13 конок үйлөрүнө жайгашкан кыргызстандык ажыларга сабак өттү.
Төрага сабактарынын алкагында ажылык ибадатынын пазилети, касиет-шарапаты жана укуктук жагын айтып, суроолорго жооп берди.
Айта кетсек, Самидин кары Атабаев, Асан ажы Сыргабаев, Жолдошбек ажы Абдылдаев, Жоробай ажы Шергазиев, Бактыбек ажы Усманов, Ниматулла ажы Жээнбеков, Абдували ажы Акматов ж.б. дин аалымдары да кезектешип, кыргызстандык зыяратчыларга сабак өтүштү. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров да САПка жасаган 2 күндүк иш сапарынын алкагында атайын кыргызстандык ажыларга жолугуп, сабак өткөн болчу.