Тынчтыкбек ажы Шаиков: «Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн туура кесип тандоосу үчүн пайдалуу кеңеш берүү кажет»

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун имамдарына Кочкор-Ата шаарынын борбордук “Ибрахим Халил” жума мечитинде жыйналыш өткөрүлдү. Жыйында мечиттердин тазалыгы, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, туура эмес диний агымдардан алыс болуу, беш убак намаздын, азандын тартиби, жашы жете элек жарандарга нике кыйбоо, ар бир никени нике журналына каттоо, КМДБ, казыят тарабынан коюлган талаптарды убагында аткаруу, имамдардын жана мечиттердин документтерин санариптик каттоодон өткөрүүө даярдоо сыяктуу маселелер каралды.

Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков имамдарга кайрылып, “Сиздердин динге кылып жаткан кызматыңыздарды көрүп-билип турабыз. Бирок дагы да жандуу иштешибиз зарыл. Коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, экстремизм-терроризмди болтурбоо, наркомания, аракечтик, балдардын жүрүм-туруму, адеби, эл арасындагы ыксыз чыгымдар, ысырапкерчилик, ал тургай мектепти бүтүп жаткан балдарыбыздын туура кесипти тандоосу үчүн да пайдалуу кеп-кеңештерди айтуу жөнүндө ойлонушубуз керек. Өзүңүздөр көрүп-билип тургандай, акыркы кездери санариптештирүү программасынын алкагында КМДБ тарабынан жаңы тапшырмалар келип жатат. Берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга алышыңыздар керек”, – деди.

Эске салсак, жыйынга райондун аймагындагы ар бир айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары, мечит имамдары жана орун басарлары болуп, жалпы 60 имам катышты.