Ажылыкты уюштуруудагы кызматы үчүн Жоробай ажы Шергазиев САПтын ажылык министрлиги тарабынан сыйланды

Сауд Араб Падышалыгынын ажылык министрлигине караштуу Мадина шаарындагы   кыргызстандык ажыларга кызмат көрсөтүүчү №5 борбору 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөсү, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысын ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.

Медина шаарындагы кыргызстандык ажыларга кызмат көрсөтүү борборунун жетекчиси Ахмед бин Шахат Лундинин айтымында быйыл Медина шаарындагы ажыларга кызмат көрсөтүүдө штаб талыкпаган эмгек кылып, САПтын ажылык министрлиги менен тыгыз кызматташкан.

«Ажылыкты ийгиликтүү жыйынтыктап жатабыз. Быйылкы жылы ажыларды тосуп алуу, узатуу, мейманканаларга жайгаштыруу жана ажылардын тийиштүү документтерди өз учурунда бүткөрүүдө Жоробай ажы Шергазиев өзүнүн артыкчылыгын көрсөтүп, абдан жоопкерчиликтүү иштеди. Бул иш оңой көрүнгөнү менен аткарууга келгенде абдан оор. Эң биринчиден тилди жакшы өздөштүрүү менен документ иштерин мыкты билүүсү талап кылынат. Бул иштин бардыгын 1 ай аралыгында Жоробай ажы далилдеп берди»,-деди Ахмед бин Шахат Лундин.

Эскерте кетсек, кыргызстандык ажылардын акыркы тобу эртең, 8-июнда мекенибизге кайтып келет.