Ажылык жана умрага аттангандар үчүн сунуштар

Зыяратка барам десеңиз…

  • Аллах Таалага чын жүрөктөн тообо кылыңыз. Күнөө иштерден сактанып, мурда кылган күнөөлөр үчүн өкүнүп, кайталбоого чечим кабыл кылыңыз.
  • Кимдир бирөөнү капа кылып, көңүлүн калтырган болсоңуз кечирим сураңыз. Карыздарыңыз болсо ээсине берип ыраазы кылыңыз.
  • Эң негизгиси кылып жаткан ажылык ибадатын Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн акыреттин абадчыгылын ниет кылыңыз. Амалдарды эл көрсүн үчүн, кадыр-барк, мактануу үчүн эч качан жасабаңыз.
  • Ата-энеңиз тирүү болсо алардын ыраазычылыгына сурап, дубасын алыңыз.
  • Үй-бүлөнүздүн, балдарыңыздын муктаждыгын камсыздап коюңуз.
  • Ажылык жана умра амалын аткаруу тартибин, эрежелерин атайын китептерден окуп үйрөнүңүз.
  • Сапарда дайыма Аллах Тааланы зикир кылып, дуба, Куран окуп, истигфар айтып жүрүңүз. Пайдасыз, ушак, жалган, сөгүнүү, бузук сөздөрдөн алыс болуңуз. Колдон келсе башкаларга жардам бериңиз.
  • Жүрөктү таза, пакиза кармаңыз. Дайыма кичи пейилдик кылып, сабырдуу болуңуз.
  • Акчаңызды түрдү нерселерге ысырап кылуудан, талашып-тартышуудан алыс болуңуз.

Үйдөн чыгып жатканда

  • Үйдөн чыгып жатканда садака кылыңыз.
  • Эки рекет сапар намазын жана сапар дубасын окуңуз.
  • Сизди узатып жаткандарга дуба кылып туруусун сураңыз.
  • «Дуба кылыңыз» деп айткан жакындарыңыздын аты-жөнүн дептерге жазып алыңыз.

Ажылыкка эмне алуу зарыл?

  • Өзүнүзгө керектүү дары-дармектерди алуу.
  • Күндөн сактануу үчүн көз айнек.
  • Ыкчам кол чатыр
  • Сапатуу сумка (30 кг жүккө ылайыкташкан)
  • Аптечка
  • Ыкчам жайнамаз
  • Ихрам, ремен, ыңгайлуу бут кийим.

Даярдаган: Фуркат Авлиёев, Баткен облустук казыятынын пресс-катчысы