Берекенин символу болгон жамгыр сыноосу жөнүндө

Биздин өлкөнүн географиялык абалы абдан жакшы болгондуктан, төрт мезгилди көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп келебиз. Ошону менен бирге кооз жаратылыш жана берекелүү жерибиз менен сыймыктансак болот. Жаратылыштын жашыл түскө бөлөнүп туруусуна себепчи болгон жамгыр тууралуу айта турган болсок, Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндалган: «Аллах асмандан жамгыр жаадырып, өлгөн жерди аны менен тирилтти . Чындыгында бүгүн да, кулак салган коом үчүн чыныгы үлгүлөр бар» (Нахл сүрөсү 65-аят).

«Биз асмандан берекелүү жамгырды жаадырдык. Анан аны менен дарактарды жана орулуп, жыйналуучу дандарды өстүрдүк» (Каф сүрөсү 9-аят)

«…Асмандан суу жаадырып, аны менен силерге ырыскы болуусу үчүн жемиштерди өстүрдү…» (Бакара сүрөсү 22-аят)

Жогорудагы аяттарда айтылгандай эле, биздин жаратылыштын кооздугу, жерибиздин берекелүү болуп жаткандыгы үчүн Жаратканга шүгүр келтирүүбүз керек. Аллах Таала кереметтүү Куранда: «Эгер шүгүр кылсаңар, силерге жакшылыктарымды көбөйтөмүн. Эгер каапырлык кылсаңар, анда азабым катуу» деп айткан. Албетте жакынкы күндөрдө болуп жаткан окуялар баарыбызды ойго салды. Ошону менен бирге Жаратканды эстеп, туура жолдо жүрүүгө эскертүү болду. Айтор бул дүйнө сыноо болгондуктан, Жараткан пенделерине түрдүү сыноолорду жиберет. Байлык берип же муктаж, майып, жакыр кылып сыноосу мүмкүн.

Ошондой эле бизге да токчулуктун символу катары каралган жамгырдан күтүлбөгөн сыноо келип, көпчүлүктү кайгыга салды. Бул сыноолорду сабырдуулук менен жеңип өткөндөргө эсепсиз жакшылыктар убада кылынган. Бул тууралуу кереметтүү Куранда төмөнкүчө баяндайт:

«Чындыгында сабыр кылуучуларга эсепсиз жакшылыктар берилет» (Зумар сүрөсү 10-аят).

Ыйык Куранда: «Аллах Таала сабыдууларды жакшы көрөт» деп келет.

Элибизде да «Сабырдын түбү сары алтын», «Сабырдуу жетет муратка, сабырсыз калат уятка» деген сыяктуу жакшы сөздөр айтылып келет.

Баарыбыз чыныгы мусулман катары жакшылык келсе шүгүр кылып, жамандык, оор сыноо келсе сабыр кылган эрктүү, күчтүү, Аллага сүйкүмдүү пенделерден бололу.

Даярдаган: Алибек Акпарали уулу, Ош облустук казыятынын маалымат адиси