Мухаррам айы хижрий-камарий календары боюнча жылдын биринчи айы. Биринчи Мухаррам жаңы жылдын башталуу күнү. Адатта мусулмандар бирин-бири бул күн менен куттукташат.
Сөздүктө “мухаррам” сөзү, урматталган, арам кылынган, улууланган деген маанилерди билдирет. Чындыгында, Мухаррам айы урматтуу ай. Мухаррам айы Аллах Таала согушту арам кылган төрт айдын бири. Мындан артык урмат болуусу мүмкүнбү?
Аллах Таала «Тавба» сүрөсүндө мындай деп айткан:
إِنَّ عِدَّةَ الشُّهُورِ عِنْدَ اللَّهِ اثْنَا عَشَرَ شَهْرًا فِي كِتَابِ اللَّهِ يَوْمَ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ مِنْهَا أَرْبَعَةٌ حُرُمٌ ۚ ذَٰلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ ۚ فَلَا تَظْلِمُوا فِيهِنَّ أَنْفُسَكُمْ ۚ … ﴿٣٦﴾
«Аллахтын асман ааламы менен жерди жараткан күндөн тартып келе жаткан эрежесине ылайык, айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү (согуш) арам кылынган айлар. Бул акыйкат Дин (эрежелеринен). Андыктан бул айларда (тыюу салынган иштерге барып) өзүңөргө зулуп кылып албагыла …». (36-аят).
Ушул аят айлардын эсеби, табигый таризде, Аллах асмандар менен жерди жараткан учурда эле алардын аракетине байланыштуу кылынып он эки болуп белгиленгендигин баян кылууда.
Бул түбөлүк бирдей тура турган дайын эсеп. Ага инсандын эч тиешеси жок. Инсан болгону Аллах жараткан нерселерге карап, Аллах берген акыл менен айларды санайт.
«Аллахтын асман ааламы менен жерди жараткан күндөн тартып келе жаткан эрежесине ылайык, айлардын саны – он эки».
Он бир да, он үч да кылып болбойт. Жаңы ай чыккан күнү жаңы ай башталат. Ал жыйырма тогуз же отуз күн болот. Кийин дагы жаңысы чыгат. Мурдатан белгилеп коюлган эсеп менен, ай толгондо да, жаңы ай башталды делинбейт. Мындай деп айтуу ката болуп саналат. Себеби Аллах Тааланын ишине пендеси аралаша албайт.
«Булардын төртөөсү (согуш) арам кылынган айлар».
Тактап айтканда, он эки айдан төртөөсүндө согуш кылуу Аллах Таала тарабынан арам кылынган. Бул айлар Зулкаъда, Зулхижжа, Мухаррам жана Ражаб айлары болуп, бул айларда согуш баштоо арам.
«Бул акыйкат Дин (эрежелеринен). Андыктан бул айларда (тыюу салынган иштерге барып) өзүңөргө зулум кылып албагыла».
Жогоруда айтылган өкүм туура, акыйкат диндин өкүмү. Исламдын өкүмү. Бул өкүмгө каршы барып, арам кылынган айларда согуш баштап, өзүңөргө зулум кылып албагыла.
Мухаррам айы Рамазан айынан кийинки мартабада турат. Бул айда эң улуу күндөрдөн бири – Ашура күнү бар.
Мухаррам айынын онунчу – ашура күнүндө бардык самавий – асман диндеринин тарыхында олуттуу окуялар болуп өткөндүгү себептүү, бул айдын онунчу күнүнө карата «Ашура» айы деп атоо үрпкө айланган.
وَأَخْرَجَ الْأَصْبَهَانِيُّ فِي «التَّرْغِيبِ» عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ قَالَ: يَوْمُ عَاشُورَاءُ الْيَوْمُ الَّذِي تَابَ اللهُ فِيهِ عَلَىٰ آدَمَ وَالْيَوْمُ الَّذِي اسْتَوَتْ فِيهِ سَفِينَةُ نُوحٍ عَلَى الْجُودِيِّ وَالْيَوْمُ الَّذِي فَرَّقَ اللهُ فِيهِ الْبَحْرَ لِبَنِي إِسْرَائِيلَ وَالْيَوْمُ الَّذِي وُلِدَ فِيهِ عِيسَىٰ صِيَامُهُ يَعْدِلُ سَنَةً مَبْرُورَةً .
Ал-Асбаханий «Ат-Таргиб»те Абу Хурайра (разияллоху анху)дан риваят кылган: «Абу Хурайра (разияллоху анху) мындай деп айткан: «Ашура күнүндө Аллах Таала адам (алайхис салам)дын тообосун кабыл кылган. Ошол күнү Нух (алайхис салам)дын кемеси «Жудий» тоосунун чокусуна токтогон. Ошол күнү Аллах Таала Бани Исраилге деңизди бөлүп жол ачып берген. Ошол күнү Иса (алайхис салам) төрөлгөн. Бул күндүн орозосу бир жылдык жакшылыкка тең келет.
فَأَكَلَا مِنْهَا فَبَدَتْ لَهُمَا سَوْآتُهُمَا وَطَفِقَا يَخْصِفَانِ عَلَيْهِمَا مِنْ وَرَقِ الْجَنَّةِ ۚ وَعَصَىٰ آدَمُ رَبَّهُ فَغَوَىٰ ﴿١٢١﴾ ثُمَّ اجْتَبَاهُ رَبُّهُ فَتَابَ عَلَيْهِ وَهَدَىٰ ﴿١٢٢﴾
«Ошентип, (Адам менен Обо шайтанга азгырылып) тыюу салынган дарактын жемишинен жешти да, уяттуу жерлеринин ачылып калгандыгын байкашты. Анан экөө алдастап, бейиш жалбырактары менен өздөрүн (уяттуу жерлерин) тосо башташты. Адам Жараткан эгесинин буйругун аттап, жаза басты. Ошондой болсо да, кийин Жараткан Эгеси аны пайгамбарлыкка тандап алган. Анын тообосун кабыл кылып, туура жолго салган эле». (Тоха сүрөсү; 121-122-аяттар).
وَأَخْرَجَ ابْنُ جَرِيرٍ عَنْ عَبْدِ الْعَزِيزِ بْنِ عَبْدِ الْغَفُورِ عَنْ أَبِيهِ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: »فِي أَوَّلِ يَوْمٍ مِنْ رَجَبٍ رَكِبَ نُوحٌ السَّفِينَةَ فَصَامَ هُوَ وَجَمِيعُ مَنْ مَعَهُ، وَجَرَتْ بِهِمُ السَّفِينَةُ سِتَّةَ أَشْهُرٍ فَانْتَهَىٰ ذَٰلِكَ إِلَى الْمُحَرَّمِ، فَأَرْسَتِ السَّفِينَةُ عَلَى الْجُودِيِّ يَوْمَ عَاشُورَاءَ ، فَصَامَ نُوحٌ وَأَمَرَ جَمِيعَ مَنْ مَعَهُ مِنَ الْوَحْشِ وَالدَّوَابِّ فَصَامُوا شُكْراً للهِ تَعَالَىٰ«
Ибну Жарир Абдулазиз ибн Абдулгафурдан, ал атасынан риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Ражабдын алгачкы күнү Нух (алайхис салам) кемеге чыккан. Анан өзү, аны менен кошо кемедеги бардык жанзат орозо кармаган. Соң кеме аларды Мухаррам айын чейин алты ай алып жүргөн. Андан кийин кеме Ашура күнү «Жудий» тоосунун чокусуна токтогон. Анан Нух (алайхис салам) орозо кармаган жана кемедеги жапайы жана сойлоп жүрүүчү бүт жанзатка буга шүгүрчүлүк иретинде орозо кармоону буюрган».
Мындан сырткары, Аллах Таала Муса (алайхис салам)ды Ашура күнү Фиръавндын кыйноосунан куткаргандыгы жөнүндө риваят келген.
أَخْرَجَ أَحْمَدُ وَأَبُو الشَّيْخِ وَابْنُ مَرْدَوِيَّه عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: »مَرَّ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِأُنَاسٍ مِنَ الْيَهُودِ وَقَدْ صَامُوا يَوْمَ عَاشُورَاءَ فَقَالَ: »مَا هَٰذَا الصَّوْمُ؟ فَقَالُوا: هَٰذَا الْيَوْمُ الَّذِي أَنْجَى اللهُ فِيهَ مُوسَىٰ وَبَنِي إِسْرَائِيلَ مِنَ الْغَرَقِ وَأَغْرَقَ فِيهِ فِرْعَوْنَ، وَهَٰذَا يَوْمٌ اسْتَوَتْ فِيهِ السَّفِينَةُ عَلَى الْجُودِيِّ فَصَامَهُ نُوحٌ وَمُوسَىٰ عَلَيْهِمَا السَّلَامُ شُكْراً للهِ. فَقَالَ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:» أَنَا أَحَقُّ بِمُوسَىٰ وَأَحَقُّ بِصَوْمِ هَٰذَا الْيَوْمِ، فَصَامَهُ وَأَمَرَ أَصْحَابَهُ بِالصَّوْمِ . «
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) яхудийлерден болгон бир канча адамдардын жанынан өтүп калды. Алар ошол Ашура күнү орозо кармашкан эле. Анан Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Бул кандай күн?», деп сурады. Алар: «Бул күнү Аллах Муса жана Бани Исраил коомун сууга чөгүп кетүүдөн куткарып, Фиръавнды суу астында калтырган күн. Ошондой эле, бул күндө кеме Жудий тоосунун чокусуна токтогон. Анан Нух жана Муса (алайхимас салам)дар Аллахка шүгүр келтирүү үчүн орозо кармаган», деп жооп беришти. Ошондо Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Мусага силерге караганда мен акылууракмын жана бул күндүн орозосуна да силерге караганда мен акылууракмын», деп, ал күнү орозо кармап, сахабаларын да орозо кармоого буюрду». (Имам Ахмад, Абушайх жана Ибну Мардавий риваяты).
Исламга чейинки динсиздик доорундагы арабтардын да Ашура күнүндө орозо кармоо адаты болгон. Айша энебиз (разияллоху анха) төмөнкү халисти риваят кылган:
عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا قَالَتْ: كَانَتْ قُرَيْشٌ تَصُومُ عَاشُورَاءَ فِي الْجَاهِلِيَّةِ وَكَانَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَصُومُهُ فَلَمَّا هَاجَرَ إِلَى الْمَدِينَةِ صَامَهُ وَأَمَرَ بِصِيَامِهِ فَلَمَّا فُرِضَ شَهْرُ رَمَضَانَ قَالَ: مَنْ شَاءَ صَامَهُ وَمَنْ شَاءَ تَرَكَهُ». رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ
Айша энебиз (разияллоху анха) риваят кылат: “Жахилият доорунда Курайш Ашура күнү орозо кармайт болчу. Расууллуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) да бул күнү орозо кармайт эле. Мадинага хижрат кылып келгенде да ал күнү өзү да орозо кармап, башкаларды да орозо кармоого буюрган. Качан Рамазан айынын орозосу фарз болгондо: «Эми Ашура күнүнүн орозосун ким кааласа кармай берсин, ким кааласа кармабай таштап да койсо боло берет», деп айткан». (Имам Бухарий жана Муслим риваяты)
Жогорудагы хадистен Исламдын башында Ашура күнү орозо кармоо мусулмандарга милдет болгондугу маалым болот. Хижраттын экинчи жылында Рамазан айынын орозосу фарз кылынгандан кийин, ашура күнүнүн орозосунун фарздыгы бекер кылынып, нафл болуп калган.
Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) бул күндө орозо кармоонун пазилети жөнүндө көп осуят кылган.
عَنْ أَبِى قَتَادَةَ رَضِىَ اللهُ عَنْهُ، أَنَّ النَّبِىَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَآلِهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «صِيَامُ يَوْمِ عَرَفَةَ، أَحْتَسِبُ عَلَى اللهِ أَنْ يُكَفِّرَ السَّنَةَ الَّتِى قَبْلَهُ، وَالسَّنَةَ الَّتِى بَعْدَهُ، وَصِيَامُ يَوْمِ عَاشُورَاءَ، أَحْتَسِبُ عَلَى اللهِ أَنْ يُكَفِّرَ السَّنَةَ الَّتِى قَبْلَهُ» أَخْرَجَهُ مُسْلِمٌ فِى «صَحِيحِهِ».
Абу Катада (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Арапа күнүнүн орозосу өзүнөн мурунку жана кийинки эки жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун. Ал эми Ашура күнүнүн орозосу болсо, өзүнөн мурунку бир жылдык күнөөлөргө каффарат болот деп ойлоймун». (Имам Муслим риваяты)
Башка бир хадисте болсо мындай делинген:
عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ: حِينَ صَامَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَوْمَ عَاشُورَاءَ وَأَمَرَ بِصِيَامِهِ، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّهُ يَوْمٌ تُعَظِّمُهُ الْيَهُودُ وَالنَّصَارَى، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: فَإِذَا كَانَ الْعَامُ الْمُقْبِلُ إِنْ شَاءَ اللهُ صُمْنَا الْيَوْمَ التَّاسِعَ. قَالَ: فَلَمْ يَأْتِ الْعَامُ الْمُقْبِلُ حَتَّىٰ تُوُفِّيَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ. رَوَاهُ مُسْلِمٌ
Ибну Аббас (разияллоху анхума) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) Ашура күнү орозо кармап, башкаларды да орозо кармоого буюрганда сахабалар: «Эй Аллахтын элчиси! Бул күндү яхудийлер жана насранийлер улуу күн деп белгилешет го», дешти. Ошондо Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) «Андай болсо келээрки жылы Аллах кааласа тогузунчу күнүн да кармайбыз», деди. Ошентип, келээрки жылы Ашура күнү келгенге чейин Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) акыретке сапар алып ал күнгө жетпей калды». (Имам Муслим риваяты)
عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «صُومُوا يَوْمَ عَاشُورَاءَ، وَخَالَفُوا فِيهِ الْيَهُودُ، صُومُوا قَبْلَهُ يَوْمًا، أَوْ بَعْدَهُ يَوْمًا» .أَخْرَجَهُ أَحْمَدُ
Ибну Аббас (разияллоху анхума) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): «Ашура күнү орозо кармагыла! Астынан же артынан бир күндү кошо кармап яхудийлерге терс кылгыла!», деп айтты». (Имам Ахмад риваяты)
Дагы башка бир хадисте мындай делинген:
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهُ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَفْضَلُ الصِّيَامِ بَعْدَ رَمَضَانَ شَهْرُ اللهِ الْمُحَرَّمُ وَأَفْضَلُ الصَّلَاةِ بَعْدَ الْفَرِيضَةِ صَلَاةُ اللَّيْلِ » رَوَاهُ مُسْلِمٌ
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Рамазан айынын орозосунан кийинки Аллахтын айы болгон Мухаррам айында кармалган орозонун сообу улуу. Фарз намазынан кийин болсо түнү туруп окулган нафл намаз абзел». (Имам Муслим риваяты)
Мындан сырткары бул күндө кылынган салих амалдарга Аллах Таала улуу сооп-сыйлыктарды берет. Бул күндөрдө момун-мусулмандар дагы да колу ачык берешен болуп, кайрымдуулуктарды көбөйтүүсү керек. Себеби, кайрымдуулук ибадаттардын улууларынан болуп, анын ордуна бериле турган сооп да чексиз болот. Албетте, эхсанды адегенде үй-бүлөдөн, эң жакын туугандардан баштоо керек. Андан кийин мүмкүн болсо, кошуна-колоң жана башка мусулмандарга кайрымдуулук көрсөтүү керек. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деген:
عَنْ أَبِى هُرَيْرَةَ رَضِىَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صلى الله عليه وآله وسلم قَالَ: «مَنْ وَسَّعَ عَلَىٰ أَهْلِهِ يَوْمَ عَاشُورَاءَ وَسَّعَ اللهُ عَلَيْهِ سَائِرَ سَنَتِهِ» أَخْرَجَهُ الْبَيْهَقِىُّ فِى «شُعَبِ الْإِيمَانِ»، قَالَ ابْنُ عُيَيْنَةَ: قَدْ جَرَّبْنَاهُ مُنْذُ خَمْسِينَ سَنَةً أَوْ سِتِّينَ فَمَا رَأَيْنَا إِلَّا خَيْرًا.
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: “Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: “Ким Ашура күнү өз үй-бүлөсүнө кеңдик кылып көбүрөөк каражат сарптаса, Аллах Таала жыл бою анын ырыскысына кеңчилик берет”. (Имам Байхакий риваяты).
Ибну Уйайна: “Биз ушуну элүү же алтымыш жыл тажрыйба кылганбыз. Жакшылыктан башка нерсе көрбөдүк”, деп айткан.
Чындыгында муктаждарга кайрымдуулук кылуу инсандардын ортосунда мээр-акыбетти тургузууга, өз-ара урмат-сый жана ынтымак сезимдерин арттырууга кызмат кылуу менен бирге дүйнөлүк иштердин алдыга жылуусуна, үй-бүлөбүзгө береке кирүүсүнө да себеп болот.
Кайрыр-эхсан ибадаттардын улууларынан болуп, анын ордуна бериле турган сооп да чексиз. Албетте эхсанды жогоруда айтылгандай, адегенде үй-бүлө мүчөлөрүнөн, эң жакын туугандардан баштоо керек. Андан кийин мүмкүн болсо, кошуна-колон жана башка мусулмандарга кайрымдуулук көрсөтүү керек болот.
Жакшылыктын чоң-кичинеси, азы-көбү болбойт. Бирөө малы менен, бирөө колу менен, дагы бирөө сылык сөзү менен жакшылык кылат. Жадагалса жолдо адамдарга жолтоо болгон шакчаны алып коюу да жакшылыкка кирет. Адамдарга ызаа жеткирбөө да – жакшылык, жетим-жесирлердин курсагын тойдуруу да – жакшылык, бирөөгө кооз мамиле кылуу да – жакшылык.
عَن ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم فِيْمَا يَرْوِيْهِ عَنْ رَبِّهِ تَبَارَكَ وَتَعَالَىٰ أَنَّهُ قَالَ: «إِنَّ اللهَ كَتَبَ الْحَسَنَاتِ وَالسَّيئَاتِ ثُمَّ بَيَّنَ ذَٰلِكَ؛ فَمَنْ هَمَّ بِحَسَنَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً، وَإِنْ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ عَشْرَ حَسَنَاتٍ إِلَىٰ سَبْعِمائَةِ ضِعْفٍ إِلَىٰ أَضْعَاف كَثِيْرَةٍ. وَإِنْ هَمَّ بِسَيِّئَةٍ فَلَمْ يَعْمَلْهَا كَتَبَهَا اللهُ عِنْدَهُ حَسَنَةً كَامِلَةً،وَإِنْ هَمَّ بِهَا فَعَمِلَهَا كَتَبَهَا اللهُ سَيِّئَةً وَاحِدَةً». رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ
Абдуллах ибн Аббас (разияллоху анхума) риваят кылат: Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) Аллах Тааладан риваят кылган хадиси кудсийде: “Албетте Аллах Таала жакшы жана жаман амалдарды жазып, аны төмөнкүчө баян кылган: “Ким бир жакшы амалды ниет кылып, аны аткара албаса, Аллах Таала Өзүнүн алдында толук бир жакшылк кылды, деп ага жазып коёт. Эгер ниет кылып, аткарган болсо, Аллах Таала ага жакшы амалы үчүн жети жүз же анда да ашык сооп берет. Эгер бир жаман амалды ниет кылып, аны аткарбаса, Аллах Таала Өзүнүн алдында толук бир жакшылык кылды, деп жазат. Эгер жамандыкты ниет кылып, аны аткарган болсо, Аллах Таала ага бир эле жамандык жазат”, — деп айтты. (Имам Бухарий жана Муслим риваяты).
Аллах Таала баарыбызды кайрымдуулук жана жакшылык жасоочу пенделерден кылсын!
Даярдаган: Абибилла ажы Кадырбердиев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы
(Башкы сүрөт интернет булактарынан алынды)