Жолдошбек ажы Абдылдаев Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен жолугушту

Бүгүн,16-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган аалымдар тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Жолдошбек ажы Абдылдаев эң оболу Баткен облусуна болгон иш сапарынын максатын айтып, аймактагы диний кырдаал жана дин жаатындагы көйгөйлөр талкууланды.

Муну менен катар Жолдошбек ажы Абдылдаев Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, Баткени облусунун мусулмандар казыяты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруусу керектигин билдирди. Ал эми Жаныбек Исаков келген конокторго ыраазылыгын билдирип, Баткен облусундагы аткарылып жаткан иштер менен тааныштырды.

Айта кетсек, жолугушууга КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов, КМДБ фатва жана диний адабияттар бөлүм башчысы Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүм башчысы Давран ажы Жунусалиев жана Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров менен КР ДИМК Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов катышты. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Азирети Муфтийдин орун басарына  жана келген конокторго ыраазылыгын билдирип, Баткен эли үчүн өзгөчө дем-күч берерин айтты.