Бекназар ажы Жапаров: «Жаш өспүрүмдөр менен иштешүүгө ар дайым даярбыз»

Бүгүн, 18-июль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жаңы дайындалган Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев менен жолугушуп, жаш өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча пикир алышты.

«Жаңы окуу жылынан баштап мектептерде жогорку класстын окуучуларына лекцияларды уюштуруп, өзүңүз баш болуп, тажрыйбалуу дин кызматкерлерин катыштырып берсеңиз. Окуучуларыбызга жүрүм-турум, адептүүлүк боюнча баяндамаларды жасап беришсе деп пландап жатабыз», – деди Пазыл Бактыбаев.

Бул пикирди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров колдоп, түшүндүрүү иштерине активдүү катышарын билдирди.

«Буйруса, сентябрь айынан баштап мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө биргеликте тыгыз иш алып барууга даярбыз. Биз жаштарга туура багыттагы диний маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүүбүз. Айтор жаш өспүрүмдөр менен иштешүүгө ар дайым даярбыз. Анткени жаштар биздин келечегибиз. Алардын жүрүм-турумуна кайдыгер боло албайбыз», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.