Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров Ош шаарындагы сел кырсыгынан кайтыш болгон Айнагүл Базарбаеванын үй-бүлөсүн зыярат кылды

Бүгүн, 21-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы селден улам кайтыш болгон Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндөгү Учкун айылынын тургуну Айнагул Базарбаеванын үй-бүлөсүн зыярат кылды. Маркумга багышталып Куран окулуп,  дуба кылынып, үй-бүлөсүнө жана балдарына көңүл айтылды. Муну менен катар Муфтият тарабынан аталган үй-бүлөгө акчалай жардам берилди.

Айта кетсек, буга чейин Ош облустук казыяты Кара-Суу районундагы сел кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөргө 425 миң сом акчалай, 25 миң сомдук тамак-аш азыктарынан жардам кылган. Ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустук казыяттары да кыяндан жабыр тарткан жарандардан кабар алып, акчалай көмөк көрсөткөн.