Жалал-Абад: Аалымдар тобу диний чөйрөдөгү ишмердүүлүктү жакшыртуу тапшырмасын берди

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду, фатваларды аткаруу, диний чөйрөдөгү ишмердүүлүктү жакшыртуу жана ханафи мазхабы, матуриди акыйдасына ылайык салттуу исламды жайылтуу багытында иш жүргүзүүнү, жергиликүү дин кызматкерлерине жеткирүү максатын көздөгөн аалымдар кербени Жалал-Абад шаарында болуп, облус аймагынан келген 250дөй дин кызматкерлерине жыйын өттү.

Жыйын Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болуп, ага КМДБнын Азирети Муфтийинин орун басарлары Мухаммад ажы Анаркулов, Асан ажы Сыргабаев, фатва бөлүмүнүн адиси Равшан ажы Эратов, КМДБнын ажылыкты уюштуруу бөлүмүнүн адиси Кызыр ажы Жээнбеков, КРнын Президентинин социалдык бөлүмүнүн башкы адиси Эрнис Бөрүбаев, ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, район-шаарлардын баш имам-хатибдери, жума окулуучу мечиттердин имам-хатибдери жана диний билим берүү мекемелеринин мүдүрлөрү катышты.

Анда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Мухаммад ажы Анаркулов “Салттуу исламды кармануу жана ага ылайык үгүт жүргүзүү” деген темада баяндама жасап, салттуу ислам туурасында кеңири түшүнүк берди.

Мындан сырткары баяндамачылар тарабынан имамдардын бирдиктүү формага өтүүсү, сакал коюу тартиби, экстремистик көз караштардын алдын алуу жана анын жайылышына бөгөт коюу чаралары, мамлекеттүүлүк, мамлекеттик түзүлүш, мамлекеттик символикаларга, инсандык өз ара мамлелерге, адам укутарына сый мамиле жасоо, социалдык тармактарда фитнага  жол бербөө, соц. тармактарды ырааттуу пайдалануу, КР аймагында тыюу салынган агымдар, диний уюмдар ж.б.у.с бир топ маселелер айтылып, имамдар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.