Дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасынын дизайны боюнча конкурс старт алды

Буга чейин дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасын тиктирүү боюнча өлкө жетекчисинин сунуш-демилгесин улай, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы дизайнерлер ортосунда диний кызматкерлердин жана расмий дин ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандар үчүн жайкы, күзгү жана кышкы формаларынын дизайнын электрондук форматта жасап чыгууга конкурс жарыялайт.

Конкурстун талаптары:

– Дин кызматкерлеринин жайкы, күзгү, жана кышкы формаларынын дизайнын электрондук үлгүдө иштеп чыгуу;

– Жайкы, күзгү жана кышкы формалардын кездемелеринин аталыштары жана түстөрү;

– Расмий дин кызматкери, имамдар жана диний ишмердүүлүк жүргүзгөн жарандардын сый (параддык) кийими, ибадаттык кийиминин үлгүлөрүн иштеп чыгып, комиссияга сунуштоо;

– Кыргыз колоритине жана өзгөчөлүктөрүнө (м: орнаменти) төп келген же жакындатылган форматта иштелип чыккан болуусу зарыл;

– Форма буга чейин журт башчы тарабынан демилгеленип, тиктирилип берилген формага үндөш болсо артыкчылык каралат;

– Конкурс 25-июлдан 2-августка чейин жүргүзүлүп, үлгүлөр кабыл алынат. Тандоо 5-август күнү саат 10:00дө Муфтияттын жыйындар залында өтөт.

– Конкурсанттар байланыш телефондорун жана электрондук даректерин калтырууга тийиш.

Эскертме:

Дизайндын үлгүлөрү КМДБнын алдында түзүлгөн комиссия тарабынан жактырылып тандалып алынат жана жеңүүчүгө сыйлыктар берилет.

Үлгүлөрдү жана маалыматтарды жолдоо үчүн: joldosh.abdulda@mail.ru

Кененирээк маалымат үчүн: +996 778 900 601 (WhatsApp)