Жалал-Абад: Район, шаарлардын баш имам-хатибдери алты айлык отчётун тапшырды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков облустун бардык район-шаарларынын баш имам-хатиберинин 6 айда аткарган иштеринин жыйынтыгын укту. Жыйын шаардагы “Мусталый уулу Нуркожо ажы” атындагы ислам маданий борборунда өткөрүлдү. Анда райондун баш имам-хатибдери аткарган иштерин фото-видео, слайд түрүндө тааныштырышты.

Жыйында мечиттердин эсепттик катоосу, тазалыгы, жамааттар менен жакындан иш алып баруу, жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдү жоюу, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, КР Президентинин №54 жарлыгын ишке ашыруу, эл арасындагы ыксыз чыгымдарды жоюу, КМДБдан жана ДИМКдан келген буйруктар менен тапшырмаларды өз убагында аткаруу, үй-бүлө маселелери, талак  ж.б.у.с. бир катар маселелер каралып, көйгөйлөр айтылды.

Облус казысы район-шаарлардын баш имам-хатибдерине дагы да жандуураак иштөө зарылдыгын айтып, “Урматтуу имам-дамлалар, сиздердин ар бириңиздердин кылып жаткан иштериңиздерден Аллахым ыраазы болсун. Бирок дагы да жандуурак иш алып барышыңыздар керек. Мечиттерди каттоо ишинде, эл арасындагы ыксыз чыгымдарды болтурбоо, үй-бүлө баалуулуктары, балдардын тарбиясы, экстремизм жана терроризм, тыюу салынган туура эмес агымдар, жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусу боюнча түшүндүрүү иштерин токтотпошуңуздар керек. Токтогул жана Тогуз-Торо райондоруна да өзгөчө көңүл буруп, жардам беришибиз зарыл. Баарыңыздар билесиздер Токтогул районуна жаш жаңы баш имам-хатиб дайындалды. Бул райондо мечиттерди каттоо ишине жакындан көңүл бурушубуз абзел. Ал эми Тогуз-Торо районунда имамдар жетишсиз. Ошондуктан бул районго башка аймактан имамдарды тажрыйба алмашууга жиберишибиз керек”, – деди.

Саамалык соңунда облус казысы алты айдын отчётун атайын фото-видео жана слайд түрүндө тапшырган имам-хатибдердин аракетин артыкчылык катары баалап, жаңыча иштөөгө басым жасаган имам-хатибдердин ишине ийгиликтерди каалады.