Араванда имамдарга жыйын өткөрүлүп, бир канча тапшырмалар берилди

Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

— Имамдын жоопкерчилиги (мечиттин тазалыгына, жергиликтүү элдин ынтымагын бекемдөөдө алгылыктуу иштерди жасоо ж.б.);

— Мечиттердин абалын жакшыртуу, ибадат кылууга ыңгайлуу шарттарды түзүү (дааратканасында жылуу суунун болуусу, тазалык сакталуусу, мечиттин короосунун жана ички абалы таза болуусу, өрт коопсуздугу сакталуусу ж.б.);

— Баш ийүү жана берилген тапшырмаларга кайдыгер болбостон, активдүүлүк көрсөтүү.

Ошондой эле, жыйынга Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Алибек ажы Жусупов да катышып, мечиттердин электрондук базасын түзүү боюнча тиешелүү даярдыктар көрүү боюнча айтып өттү.

«Өлкө боюнча жалпы мечиттердин базасы түзүлөт. Буга чейин мечиттерди каттоодон өткөрүүдө чогултулган тиешелүү иш кагаздарды сканерден өткөрүү керек. Бул иштерди аткарууда хатибият кызматкерлери сиздерге тиешелүү жардамдарды көрсөтүшөт. Кайдыгер болбостон, эртерээк бүтүрүүгө аракеттенүү керек», – деди Алибек ажы Жусупов.