Бекназар ажы Жапаров «Бостон» мечитиндеги курулуш иштеринен кабар алды

Бүгүн, 30-июль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Гулистан айыл аймагындагы Бостон айылында жайгашкан «Бостон» мечитиндеги курулуш иштеринен кабар алып, мечит имамы Тургунали Ахлидиновго кылып жаткан кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бостон мечитинде буга чейин да тиешелүү шарттар түзүлгөн болчу. Ошого карабастан, мечитке келген жамааттын ибадат кылуусуна дагы да ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн оңдоп-түзөө иштерин баштапсыздар. Демилге көтөрүп баштаган имамдан Аллах ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү элдин көмөгү менен жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, аталган мечитте жума намазы окулат. Жалпы сыйымдуулугу 2500 адамга ылайыкташтырылган.