Алимбек ажы Маматаминов: «Мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы сөзсүз көзөмөлгө алынат»

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

1. Маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулукка жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жандандыруу;
2. Айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу;
3. Мечиттердин дааратканаларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү;
4. Мечиттерде жергиликтүү элге диний сабатсыздыкты жоюу максатында окууларды уюштуруу, ага ылайык ар бир имам кеминде 5 адамга сабак берүүсү.

«Ош облустук казыятынын көчмө жыйыны биздин райондо өткөрүлгөн учурда атайын ысырапкорчулукка жол бербөө тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча облустук деңгээлде конкурс өткөрүлө тургандыгы айтылган. Ага карата тиешелүү даярдыктарды көрүү керек. Мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы сөзсүз көзөмөлгө алынат. Ошол себептен кайдыгер болбостон, мечиттин ички-сырткы тазалыгын карап, дааратканаларды абалына жараша оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек. Ошону менен бирге диний сабатсыздыкты жоюу максатында ар бир имам кеминде бештен шакирт тарбиялап чыгаруусу талап кылынат», – деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.

Баш имам-хатиб берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча ар ай сайын хатибиятка маалымат берип турууну баса белгилеп өттү.