Каир: Азирети Муфтий «Тездик менен өнүгүп жаткан ааламда адеп-ахлакты өнүктүрүүдөгү фатванын орду» аттуу эл аралык конференцияга катышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Мисир өлкөсүнүн Каир шаарында өтүп жаткан «Тездик менен өнүгүп жаткан ааламда адеп-ахлакты өнүктүрүүдөгү фатванын орду» аттуу эл аралык конференцияга катышып жатат.

Илимий конференцияда жасалма интеллект жана анын шарияттык илимдерде колдонулушу; фатва жана чакырыктар: тездик менен өнүгүп бараткан дүйнөдө адеп-ахлакты бекемдөө процессиндеги тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар; социалдык тармактардагы экстремисттик мазмундагы материалдарга каршы эффективдүү күрөш боюнча маселелер каралып, талкууга алынууда.

Дүйнөнүн 100 дөн ашуун өлкөсүнөн чакырылган аалым-делегаттардын катышуусунда өтүп жаткан илимий саамалыкка КМДБ жетекчисинен сырткары муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын Египет мамлекетиндеги атайын өкүлү Акылбек ажы Тагаевдер катышууда.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган делегациянын Мисир сапарынын алкагында Каирде диний билим алып жаткан студенттер менен жолугушуусу күтүлүүдө.