Исламда ата

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен

Адамзат пендесинин жашоосунда атанын ролу өтө чоң. Анын ордун эч ким тартып ала да албайт, жокко чыгара да албайт. Ата-энеңди өзүң тандай албайсың. Аны Алла Таала тандап бергендиктен да баалуу болсо керек. «Ата — аска тоо, Эне — оргуган булак, бала — экөөнө тең шам чырак» деп бабалар тегин жерден айтпаган чыгар. Ыйык Куранда ата жана эне көп учурда чогуу эскерилип, аларга жакшы мамиле кылуу буйрулган.

«Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жакын тууган коңшуларга жана тууган эмес кошунага, кесиптеш жолдошко, жолоочуга жана кол алдыңардагыларга жакшы мамиле кылгыла!..»

(Ниса сүрөсү, 36)

Дагы бир аятта Аллах Таала пенделерин өзүнө кулчулук кылуудан кийин эле ата-энелерди сыйлоого буюрат.

“Эгең силерге Анын Өзүнөн башка эч кимге сыйынбоону жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буюрду…” (Ыйык Куран,17:23)

«Биз инсанга өз ата-энесине жакшылык кылууну буйрудук…» (Ыйык Куран, 31:14).

Бир күнү Пайгамбарыбыздан (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип сурашат: “Аллах кайсы ишти баарынан жакшы көрөт?” “Өз убагында окулган намаз”, – деп жооп берди ал. “Андан кийинчи?”, – деп сурашы. “Ата-энелерге баш ийүү жана аларга жакшылык кылууга аракеттенүү”, – деп жооп берип, андан соң Ислам жолунда күрөшүү деп кошумчалады (аль-Бухари жана Муслим).

Баланын ата-энеге болгон жакшы мамилеси алардын өлүмү менен эле аяктап калбастан токтоосуз уланып турат.

Ансарлардан бир киши сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедден (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип сурады: “Оо, Аллахтын Элчиси, мен ата-энеме алардын көзү өтүп кеткенден кийин да, кандайдыр-бир сый-урматымды көрсөтө аламбы?” Ошондо ал: “Ооба, 4 жол менен: Аллахка алар үчүн дуба кылуу, алар үчүн кечирим суроо; Алар кимдерге убада беришсе, алардын убадаларын аткаруу; Алар кимдер менен дос, тааныш болушса аларга сый-урмат көрсөтүү; Алар аркылуу сен кимдер менен туугандык байланышта болсоң, ошол байланышты сактоо, колдоо” – деп жооп берген.

Ата-энелерибиздин бизге болгон камкордугу, сүйүүсү жана мээримин эстен чыгарбай, аларга үзгүлтүксүз дуба кылып туруубуз кажет.

“Аларга мээримдүү канатыңды кенен жайып, “Эгем! Алар мени кичинемден чоңойтуп өстүргөндөй, аларды мээримиңе бөлө”, – дегин”. (Ыйык Куран, 17:24).

Демек аларга колдон келишинче жакшы мамиле кылышыбыз шарт.

“Аллахтын ыраазычылыгы – ата-эненин ыраазычылыгында”. (Ат-Тирмизи).

Белгилей кетчү нерсе, сый-урмат менен камкордукту ата-энелерибизден тышкары улгайып калган туугандарга, кошуна, тааныштарга да көрсөтүү керек. Картайганда балдары тарабынан каржылануусу, жылуу-жумшак мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүү ата-эненин акысы. Аны бузууга бир да адамдын акысы жок. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Ата-энең сенин бейиш дарбазаң, кааласаң аны тургуз, кааласаң аны бузуп сал», – деген.

Баланын ата-энеси алдында өтө көп милдеттери бар. Анткени ата-эне  баласын төрөлгөндөн баштап алпештеп багып, тарбиялап өстүргөн. Аларга камкордук кылып, жедирип ичирип муктаж кылбай чоңойткон. Эне баласын уктатам деп канчалаган түндөрүн уйкусуз өткөргөн. Баласын тарбиялоодо  нечендеген кыйынчылыктарды баштан кечирген.

Ал эми ата да балдарын жакшы жашоодо жашашсын деп ар түрдүү кыйынчылыктарды көрөт. Балдарын муктаж кылбай, аларга жетиштүү шарттарды түзүп берүү үчүн эртеден кечке эс алууну билбей, ар кандай жумуштарды кылат.

Абу Хурайра (р.а.) айтат: Аллахтын Элчисине (саллаллаху алейхи уа саллам) бир адам келип: “Оо, Аллахтын Элчиси! Менин жакшы мамиле кылуума адамдардын кимиси эң татыктуу?” – деп сурады. (Аллахтын Элчиси): “Энекең”, – деп айтты. (Ал адам): “Андан кийин ким?” – деп сурады. Андан кийин да “энекең” деп айтты. “Андан кийин ким?” – деп сурады. Андан кийин да “энекең” деп айтты. “(Менин жакшы мамиле кылуума) андан кийин ким (татыктуу)?” – деп сурады эле, “андан кийин атаң”, – деп жооп берди. (Бухари, Муслим).

Бул хадисте эненин акысы атанын акысынан үч эсе жогору тургандыгы айтылууда. Кимде-ким ата-энесине жакшы мамиледе болбосо, анда ал өтө чоң зыян тартат. Ата-энени “нааразы кылуунун” акыбети – ал Аллахтын каарын келтирет. Ошондой эле бул дүйнөдө кордукка, ал эми Акыретте болсо Аллахтын азабына дуушар болот.

Андыктан мен «мусулманмын» деген инсан энеси менен атасын ардактап, аздектеп алууга тийиш. Ислам адабияттарында Алла Таала жана анын Элчисинен (с.а.в.) кийин эле турган зат – ата-эне. Экөөнү тең сыйлап, ыраазы кылып, батасын алуу ислам талабы. Тилекке каршы, ата-энени сыйлабастык, аларды кароосуз таштап кетүү, карылар үйүнө өткөрүп салуу өңдүү аянычтуу көрүнүштөр соңку бир кылымда катталчу болду. Деген менен кыргыз наркында «карылар үйү» деген болгон эмес. Кыргызда карыялар ар дайым урмат көрүп, төрдө ак батасын берип олтурган. Андыктан ата-энени сыйлоо бир кылым илгерки бачкынчылар келгенге чейинки деңгээлге жетиши кажет.

Жакын арада КР Президенти Аталар күнүн белгилөө жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанытууга багытталганы менен өзгөчө мааниге ээ. Өлкөбүздө салттуу үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөөгө багытталган бардык аракеттер бизди кубантат.

Кыргыз наркында атанын орду абдан бийик болгон. Үй-бүлөнүн тирөөчү, тарбия нускасы экени жалпыга маалым. Кыргыз макалдарынан атага байланыштуу макалдарды тизмектедик:

“Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла!”

“Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол”.

“Ата данкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт”.

“Ата көргөн – ок бычат, эне көргөн – тон бычат”.

“Атанын сөзү, акылдын өзү”.

“Атадан жакшы туулса эшиктен төргө сүйрөөр, жаман туулса төрдөн көргө сүйрөөр”.

“Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны”.

“Атаңа эмне кылсаң, балаңдан ошону көрөсүң”.

“Атаңды көргөндөн акыл сура, энеңди көргөндөн тон сура”.

“Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат”.

“Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот”.

“Атанын каргышы балага ок, өрттөп ийчү чок”.

“Атанын мээри түшкөнгө адамдын каары түшөт”.

“Атанын тилдегени – баласын бил дегени”.

“Атанын уулу болуш – урмат, элдин уулу болуш – кымбат”.

“Ата –эненин кадырын билген уул эл багар”.

“Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы”.

“Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат”.

“Мата даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт”.

“Уулу жакшы болсо, катардагы атасы бек үйүнөн жай табат, уулу жаман болсо, тоодой болгон атасын төө үстүнөн ит кабат”.

“Эне тыйбас кыздан түңүл, ата тыйбас уулдан түңүл”.

«Ата деген ким?» аталыштагы кыргызча притча интернет мейкиндигинде тарап жүрөт. Авторун, эгер котормо болсо котормочусун таап жазууга мүмкүн болбоду. Ушул притча менен макалабызды жыйынтыктоону туура көрдүк.

****     ****      ****

Ата деген ким? Мына ушул суроо менен мугалим студенттерге кайрылды. Эмне деген жооптор айтылбады дейсиң? Бири күнгө, бир асманга, дагы бири жерге теңеди, айтор аталардын кадыр-баркы ушунчалык көтөрүлдү дейсиң, тим эле бул жактагынын баары азыр эле ата боло калууну самап калышты. Бирок акыркы студенттин жообу башкача өңүттө уланып, аудиториянын маанайын түп тамырынан өзгөрттү. Жылмайган жүздөр сумсайды, күлкүлөр ыйга айланды. Кыз, бала дебей, баары муюп, кулак төшөп, бири көз жашын көрсөтпөй сүртсө, бири ачык эле бышактап…

Эми анын айтканын силерге айтпасам, силердин да, өзүмдүн да ичкеним аш болбос…

Анын жообу мындай болду:

Ата – бул, сен кичинекейиңде…

Анын чокоюн бутуңа илип, бутуң кичине, чокойдун чоңдугунан чалынып жыгыласың…

Анын көз айнегин тагынып, өзүңдү кыйын сезесиң…

Анын костюмун кийип, өзүңдү олуттуу, сүрдүү сезесиң…

Оюңа келгенди андан талап кыласың, ал аны кубануу менен аткарат…

Каалаганыңды сурайсың, ал аны таап келет…

Кечинде сени моюнуна мингизип ары-бери чуркап ойнотот, сен кыткылыктап күлөсүң, бирок бүгүн ал жумуштан кандай чарчап келгенин билбейсиң…

Ата – бул, сен чоңойгондо…

Анын көөнөрүп, бозоргон чокоюна көңүл бурбайсың…

Анын эскилиги жеткен кийимдери эми сени кызыктырбайт…

Анын кыймылы сага жакпайт, сөздөрү кыжырыңды келтирет…

Сен кечигип, ал кыжаалат болуп, кечиккениң үчүн сени урушумуш болсо, сен аны көтөрө албай, эркин болууну самайсың…

Ага үнүңдү көтөрөсүң, аны кагасың, ал унчукпай калат… бирок сенден корккондугу үчүн эмес, сени жакшы көргөндүгү үчүн, сени кечиргендиги үчүн…

Эгер бели бүкүрөйүп сени менен жанаша басса, сен аны колуна жетелебейсиң, анткени сенин боюң эми андан узун…

Кечээ сенин тилиң чулдурап, туура эмес сүйлөгөнүңдө, ал күлүп, сени кучагына кысчу эле, бүгүн ал тили булдурап түшүнүксүз сүйлөсө, сен аны уккуң келбей тескери карайсың…

Негизгиси, ал кичинеңде да, чоңойгонуңда да сага өмүр тилейт, сен болсо анын батыраак өлүшүн тилейсиң…

Ал сени ымыркайыңда көтөрөт, бала бакчага көтөрөт, мектепке көтөрөт, оорусаң көтөрөт, соо болсоң да көтөрөт, өмүрү сенин түйшүгүңдү көтөрүү менен өтөт, а сенчи, сен аны табытка салып көтөргөндөн башка көтөрбөйсүң…

Ата мына ушундай, кимдин тагдырына ата болуу бактысы жазылса, бул айтылгандар анын башынан өтөт…

Атаңарга жакшы мамиле кылгыла, бир кезде атаң жаныңда турганда, жети баштуу желмогуздан коркпойт элең, ал сенин кубатың эле, мына ошол кубатыңдан кайсы бир күнү айрыларыңды унутпа…

Ата деген мына ушундай…