Ысык-Көлдө диний кызматкерлерге багытталган Кыргыз Жараны Концепциясы боюнча окутуу жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылында жайгашкан «Роял Бич» пансионатында “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын алкагында дин кызматкерлерине багытталган 3 күндүк окутуу семинары өтүүдө. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги, КМДБ, ПисНексус жана «Мутакаллим» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан семинарга дин кызматкерлери катышып жатат.

Аталган семинарда катышуучулар кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту жогорулатуу, коомдогу көп түрдүүлүк баалуулуктарды урматтоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо сыяктуу Концепциянын артыкчылыктуу багыттарын өздөштүрүп жатышат.

Белгилей кетсек, көл жээгиндеги иш-чарада КР Президентинин администрациянын өкүлү Замир Турсунбеков, КР ММСЖС министрлигинин өкүлү Урмат Бектуров, ДИМКнын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, ПисНексус фондунун Борбор Азия боюнча Регионалдык менеджери Чынара Эсенгул жана «Мутакаллим» коомдук фондунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы треньерлик кылууда.