Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ыйык Мекке шаарында өтүп жаткан «Ислам тилектештигин бекемдөө» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров ыйык Мекке шаарында Ислам иштери жана үгүт-насаат министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан «Ислам тилектештигин бекемдөө» аталышындагы Эл аралык конференцияга катышууда.

Конференция эки ыйык мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиянын Королу, улуу даражалуу Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун колдоосу менен уюштурулуп, анын алкагында 7 маселеге маани берилди.

Алар:

1-Мусулман өлкөлөр  арасында ислам тилектештигин бекемдөө;

2- Үгүт-насаат жаатында вакф жана ислам иштери боюнча кызматташуу;

3-Терс диний агымдардын жайылышына жол бербөө.

4-Ыйык жайларды урматтоо, сыйлоо, тарыхый жерлерди жана алардын бүтүндүгүн сактоо;

5-Чет өлкөлөрдөгү диний уюмдар, мектептер, мекемелер жана борборлор менен алакаларды бекемдөө;

6-Ислам маданиятын жана баалулуктарын сактап калуу;

7-Конференцияга катышкан мамлекеттер арасында пикир алмашууну бекемдөө.

«Конференцияда Ислам тилектештигине жетишүү, диний иштерди туура жолго салуу жана андагы аракеттерди координациялоо максатында вакфтар жана ислам иштери боюнча министрлер өз ара алакасын бекемдөө маселеси каралды. Конференция алгач 1979-жылы ыйык Мекке шаарында, андан кийин Сауд Араб Королдугунун аймагында өткөрүлгөн. Бешинчи жолкусу Мароккодо, алтынчысы Индонезияда, жетинчиси Малайзияда, сегизинчиси Сауд Араб Королдугу тарабынан Жидда шаарында өткөрүлгөн. Төртүнчү конференцияда Жидда шаарында Конференциянын Башкы катчылыгын түзүү сунушу ишке ашырылып, конференциянын аткаруу кеңеши түзүлгөн»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар бул күнү дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жана экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү,  билим берүүнүн сапатын жаңы баскычтарга чыгаруу, Ыйык Курандын котормо стандарттары, маалымат каражаттары менен иштөө, вакфты сактоо жана өнүктүрүү сыяктуу бир катар маселелер талкууланган.

Конференцияга 62 өлкөдөн аалымдар, муфтийлер, серепчилер болуп 250 адам чакырылган.