Ош облустук казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Кара-Кулжа районунда болуп өттү

Ош облустук казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Кара-Кулжа районунда болуп, жыйындан соң райондогу жалпы имамдарга «Өмүрдө өрнөктүү из калтыр» аталышында семинар өткөрүлдү.

«Имамдык кызмат жоопкерчиликтүү экендиги баарыныздарга маалым. Семинардын аталышындай эле, өмүрүңүздө өрнөктүү из калтырыңыздар. Айылыңыздын мечитин оңдолуп калуусуна себепчи болууга аракет кылыңыздар. Кудайга шүгүр, өлкөбүздө демөөрчү болом деген берешен адамдарды табууга болот. Азыркы учурда айыл жаштары имамга умра жолдомо, автоунаа ж.б. белектерди тапшырып, ар тараптуу колдоо көрсөтүп келишет. Айта кетсек, баланчанчы жылы туулгандар деп чогулган жигиттерибизге туура түшүндүрүп, мечитти оңдоп-түзөө иштерине багыттасаңыздар да болот. Албетте сиздердин мээнетиңиздер да бааланат. Негизги сыйлыкты Аллах Таала насип кылсын. Биз, облустук казыяты, мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүнө түрдүү белектерди караганбыз. Негизинен мечит имамдары жакшылык-жамандыкта эл башкарып, сөзү өтүмдүү болуусу керек», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Ошондой эле, семинардын темасына кошумча маркумду акыркы сапарга узатуу тартиптери, мурас бөлүштүрүү, фидия, улуттук наркты сактоо жана өркүндөтүү боюнча айтып өттү.

Семинардын соңунда райондогу жигердүү кызмат кылып келе жаткан 4 имамга казыяттын Ардак грамотасы тапшырылды.

Айта кетсек, Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев облус казысынын райондун баш имам-хатибдерине өткөргөн жыйынында Кара-Кулжа районунун борбордук мечитинин курулуш иштери боюнча маалымат берип, райондук хатибияттын жаңы имаратынын проектиси менен тааныштырды.