Баткенде кыз-келиндер арасында Куран жарышы болуп өттү

Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» атындагы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун буйругуна ылайык өтүп жаткан кыз-келиндер арасында Республикалык Куран жарышынын обустук тандоо туру болуп өттү.

Иш-чарага облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов жана Баткен шаар-райондун баш имам хатиби Сайдахмад ажы Аппазов катышып, Куран жаттоо жана башкаларга үйрөтүүнүн сообу туурасында айтып, катышуучуларды Куран жаттоого жана ага амал кылууга чакырды.

Жарыш Курандан 20, 10 пара жаттоо жана көркөм окуу боюнча болуп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр республикалык турга жолдомо алышты.

“Жарыш жогорку деңгээлде уюштурулуп, жакшы маанайда өттү. Келечекте мындай Куран жарыштарын дагы уланта бермекчибиз”, – деди уюштуруучулар.

Ал эми жарышка катышкан катышуучулардын айтымында, Куран адамдын кулк-мүнөзүнүн өзгөрүшүнө себепчи болот.

“Куранды окуган соң адамдын мүнөзү жумшарып өзгөрөт экен. Башында аны жаттай албай аябай кыйналгам. Негизинен Куранды окуган адам өзүнүн жоопкерчилигин сезип, жүрүм-турумуна кылдаттык менен мамиле жасайт экен”, – дейт Бегайым аттуу катышуучу.

Калыстардын чечими менен жарыштын жыйынтыгында төмөнкү катышуучулар республикалык турга жолдомо алышты.

Курандан 20 пара жатка окуу боюнча Вахид кызы Кулпунай;

Курандан 10 пара жатка окуу боюнча Райимбердиева Азиза;

Куранды кооз окуу боюнча Каримова Бегайым.