Баткен шаарында адепти үйрөнүп, Куран жаттаган балдарга сертификат тапшырылды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында  жайгашкан  “Абу Бакр” атындагы мечитинин имамы Кожали Абазовдун демилгеси менен уюштурулган эки айлык жайкы адеп курсу аяктады. Бул тууралуу Баткен шаарынын баш имам-хатиби Сайдахмад ажы Аппазов билдирди.

Анын айтымында, жайкы лагерде бардыгы болуп 37 бала окуп, алар бир ай ичинде адеп негиздери, ата-энени урматтоо, мекенди сүйүү, мекенге кызмат кылуу, бирөөгө жакшылык кылуу, улууну ураматтоо жөнүндө таалимдерди алып, Куран жана дубаларды жатташкан.

Жайкы лагерди жыйынтыктоо иш-чарасына жалпы катышуучулар, демөөрчүлөр катышты. Уюштуруучулар жайкы лагердин жыйынтыктары туурасында сөз сүйлөп, жаштарды билим алууга үндөп, мындан ары адептүү болуп, улууларды урматтоого, ошондой көп ийгиликтерди жаратууга чакырды.