Кызыл-Кыяда имамдын демилгеси менен аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдары таратылды

Кызыл-Кыя шаардык хатибияты жана “Умар ибн Хаттаб” мечитинин имамы Нурсултан ажы Назарбаев тарабынан шаардагы  аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга окуу куралдары тапшырылды.

Жалпы 126 балага кубаныч тартууланган бул саамалыкта имам жаш өспүрүмдөрдү билим алууга, адептүү болууга жана мекечилдикке үндөп, буларга токтолду:

«Кымбаттуу балдар! Бул сыноо күндөр да өтүп, эрезеге жетесиңер. Ошондуктан эч качан муңайбагыла. Алла насип кылса эртең берүүчү кол болуп калышыңар толук ыктымал. Ошондо жардамга муктаж балдарга каралашкыла».