Ажылыкты уюштуруу штабынын соңку жыйынтыктоо жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 12-август күнү КМДБнын конференциялык залында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун катышуусунда 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын жыйынтыктоо жыйыны өткөрүлдү. Жыйналышта быйылкы ажылык учурундагы жетишкендиктер жана мүчүлүштүктөр талкууланып, КМДБ жетекчиси тарабынан УКШнын ишмердүүлүгүнө жогорку баа берилди.

“Быйылкы жылы Алла Тааланын жардамы менен ажылыкты уюштуруу боюнча бир катар жетишкендер болду. Албетте, ажылык ибадатына жана зыяратчыларга кызмат кылуу жолунда биздин штаб кызматкерлери жана ажы башчылар талыкпай кызмат көрсөтүштү. Жаратканым баарынан ыраазы болсун”, – деди Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Жыйынтыктоо иш-чарасында быйылкы уюштуруудагы айрым техникалык кемчиликтерди 2025-жылдагы ажылык сезонунда эске алып, тейлөөнү мындан да жакшы деңгээлге көтөрүү айтылды.