Кадамжай имамдары дин аалымдарынан тажрыйба алууда

Дин аалымы Ахун ажы Курбанов Кадамжай районунун имамдары үчүн атайын сабак уюштуруп, имамдардын билимдерин жогорулатууга багытталган семинарларды өтүүдө. Бул туурасында Кадамжай районунун баш имам-хатиби Мухидин ажы Алматов билдирди.

Анын айтымында, сабактар ар аптанын дүйшөмбү күнү Айдаркен шаарында, шейшемби күнү Кадамжай шаарында, ал эми шаршемби күнү Актурпак айыл аймагында өткөрүлүп жатат. Имамдар салттуу ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасынын негизинде фикх, хадис жана башка илимдер боюнча кеңири маалымат алышууда.

Ошондой эле Курбанов эл менен тыгыз иш алып баруу, диний маалыматтарды жеткирүү жаатында тажрыйбасын бөлүшүп, дин кызматкерлери кызыктуу маалыматтарга ээ болушууда.