Ош шаарында имамдын демилгеси менен 100 окуучуга жаңы окуу жылына карата 400 миң сомдук жардам берилди

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Усман бин Афван» мечитинин имам-хатиби Акматали уулу Шумкар ажынын демилгеси менен аз камсыз болгон 100 окуучуга жаңы  окуу жылына карата мектепке керектүү  каражаттар жана ар бирине 3 миң сомдон акчалай жардамдар берилди.

«Айдабай аштык чыкпайт, үйрөнбөй билим жукпайт дегендей адамдагы эң сонун нерсе — бул акыл менен билим. Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик. Акыл — тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кенч. Билим — адамдын канаты. Караңыздарчы элибизде билим, акыл туурасында кандай керемет сөздөр бар. Андыктан биз өсүп келе жаткан муундарга бардык шарттарды түзүп берели. Мечитибиздин жамааты демилгени колдоп, муктаж 100 окуучуга жалпы суммасы 400 миң сомдук жардам бердик. Бул эл көрсүн эмес, балким башкалар дагы окуу жылында ушундай жардамды улантса деген асыл ой менен уюштурулду»,-деди Акматали уулу Шумкар ажы.