Абибилла ажы Кадырбердиев: «Бир замандарда ата-энелерибиз жашырынып окутууга мажбур болушкан»

Кечээ, 17-августь күнү Ош облустук казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Араван райондук хатибиятында өткөрүлүп, анда райондук баш имам-хатибдер облустук деңгээлдеги мечиттердин абалын жакшыртуу жана аймактардагы мечиттерди оңдоп-түзөө иштери боюнча маалымат беришти. Муну менен катар жыйында мечиттерди онлайн каттоодо база киргизүү, мечиттердин мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүү боюнча жүрүп жаткан иштерди жандандыруу, берилген тапшырмалардын өз убагында аткарылышы боюнча бир канча маселелер каралды.

Көчмө жыйын аяктаган соң Араван районунун жалпы имамдарына «Туура илим- туура динге кепилдик» аталышында семинар болуп, семинардын алкагында райондогу жигердүү кызмат кылып келе жаткан 4 аксакал имамга казыяттын ардак грамотасы тапшырылды.

«Имам — элге жүрүм-турум, кийинүүсү, соода-сатык жана өз ара мамилелерде ар тараптуу үлгү болушу керек. Мына ошондо сөзү өтүмдүү болуп, динди элге кеңири түшүндүрүүдө бир топ ыңгайлуулуктар жаралат. Бирок ага чейин имам өзү илим алып жана алган илимин кайталоо максатында шакирт тарбиялап чыгаруусу керек. Илимдин эрте-кечи жок. Өз ара жакын жайгашкан мечит имамдары сабак уюштуруп, диний сабаттуулугун дагы да жогорулатууга аракет кылса, хатибият жана казыяттан да өкүлдөр келип колдон келгенче билгенибизди бөлүшөлү. Байкасаңыздар мурда элдин талабы ибадат маселелеринде суроолорго жооп табуу болчу. Ал эми азыр ишеним багытында түрдүү суроолор бериле баштады. Ага берилген жооптордун ар түрдүүчө болуусу келишпестиктерди пайда кылууда. Биз расмий дин кызматкерлери ата-бабаларыбыз карманып келген Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасынын Орто Азияда калыптанган үлгүсүн бекем сактап калуу үчүн түшүндүрүү иштерин көбүрөөк айталы. Ошондой эле, үйлөрдө жашырынып окутууну токтотолу. Бир замандарда ата-энелерибиз жашырынып окутууга мажбур болушкан. Бирок учурда өлкөбүздө дин тутуу эркиндиги кеңири болгондуктан, мечиттерибиз жетиштүү. Семинардын темасын да ушул себептен улам «Туура илим-туура динге кепилдик» деп атадык. Туура илим алам дегендер жашырынбай, диний окуу жайлардын же мечиттерден алышсын»— деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.