Кара-Кулжада хатибияттын демилгеси менен 58 окуучуга 106 800 сомдук окуу куралдары тапшырылды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук хатибиятынын демилгеси Ан-Ниса кайрымдуулук фондунун колдоосу менен райондогу аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөрдөн 58 балага окуу куралдары камтылган сумкалар тапшырылды.

«Райондогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары материалдык себептерден улам  сабатсыз болуп калбоосу керек. Мыкты окуп, үйрөнүп, эл-журттун сыймыгы боло турган эр-азамат улан-кыздардан болсун деген жакшы максатта жаңы окуу жылына карата керектелүүчү окуу куралдары камтылган сумкалар тапшырдык. Жаштар биздин келечегибиз. Аларга кайдыгер болбостон, башка жерлерде да ушундай иштер улантылат деп ишенебиз»— деди баш имам-хатибдин орун басары Аскаров Темирлан.

Айта кетсек, аталган окуу куралдары камтылган сумкаларды даярдоо үчүн 106 800 сом акча каражаты жумшалган.