Кызыл-Токой айылындагы эски мечиттин ордуна 1000 орунга ылайыкташкан заманбап мечит курулууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков Чаткал районуна жасаган иш сапарынын алкагында Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Кызыл-Токой айылында курулуп жаткан эки кабаттуу мечиттин курулушу менен таанышты.

“Артыкбай ажы Осмон уулу” атындагы жума мечити 1000 орунга ылайыкташып, курулушу 2022-жылдын жаз айында башталган. Райондун баш имам-хатиби Кубанычбек ажы Токонов курулушту каржылоо жергиликтүү жамаат тарабынан жүрүп жатканын айтып, курулуш иштери ушул жылдын соңуна чейин бүтөөрүн кошумчалады.

«Бул мечит эски мечиттин ордуна заманбап салынууда. Эски мечит колдонууга такыр болбой, шарттары начар эле. Бүгүн минтип бардык шарттары менен курулууда»,-деди баш имам-хатиб.