Азирети Муфтий: «Жүрөгүбүз бирдей согушу керек»

Бүгүн, 27-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын конференция залында расмий дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган муфтият кызматкерлери, АК мүчөлөрү, 7 дубан жана 2 шаар казылары, ДОЖ мүдүрлөрү катышты. Кереметтүү Куран окуу менен башталган кереге кеңеште төмөнкү маселелер каралды:

  • КМДБнын уставынын негизинде калайыкка диний кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу;
  • Коомго Ханафилик-Матуридиликти тереңдеп жеткирүү;
  • Дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасын талкуулоо;
  • Диний окуу жайлардын потенциалын көтөрүү;
  • Диний чөйрөдөгү биримдикти камсыздоо ж.б.

«Ата-бабаларыбыз Мавераннахр чөлкөмүндө калыптанган исламдын ханафилик-матуридик мектебин карманып келет. Ахли сүннөттүн бул мазхабынын артыкчылыгын мындан билиңиз, биздин чөлкөмгө ислам келгенден бери акыйда боюнча бир дагы келишпестик же кан төгүү болгон эмес экен. Буга карт тарых өзү күбө. Азыркы тапта чыгып жаткан айрым агымдар жана кээ бир жамааттар өздөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, жалпынын кызыкчылыгын эске алып, биримдикте болушубуз шарт. Алла Таала Ыйык Куранда: “Баарыңар Алланын жибин (динин) бекем карманып, бөлүнүп-жарылбагыла!” деп буйрук кылган (Аалу Имран, 103). Андыктан кээ бирлер ушул аятка каршы келип калуудан сактанып, бөлүнүп-жарылууну токтотушу кажет. Биз, мусулмандар акыйдада биригип, жүрөктөрүбүз бирдей согушу керек”, – деди Азирети Муфтий.

КМДБ жетекчиси диний баалуулуктар менен улуттук дөөлөттөрдү бирдей алып кетүү зарылдыгын айтып, бул жаатта түшүндүрүү-агартуу иштерин күчтөндүрүү талабын койду. Ошондой эле диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана диний билим деңгээлин көтөрүү боюнча жүрүп жаткан иштер боюнча токтолуп, жаңы окуу жылынан тарта АК тарабынан сунуш кылынган 7 ДОЖдун мүдүрү, окуу боюнча мүдүр орун басары жана дагы бир окуу жай кызматкерине айлык акы каралганын билдирди.

«Азирети Муфтийдин сунушунун негизинде Аалымдар Кеңешинин алдында атайын комиссия түзүлүп, кураторлор дайындалып, өлкө боюнча эң алдыңкы 7 ДОЖду тандап алдык. Бул албетте пилоттук долбоор. Бул долбоор жемишин берсе, кудай буюрса кийинки жылдан тарта цифраны көбөйтүүгө аракет кылабыз», – деди АК төрагасынын орун басары Абдиманап кары Масалиев.

Жыйындын жүрүшүндө муфтият тарабынан диний кызматкерлердин бирдиктүү формасы боюнча талкуу өтүп, комиссия тандап алган үлгүлөр тааныштырылды.