Азирети Муфтий Бишкек шаарындагы кесиптик лицей директорлорун кабыл алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Бишкек шаарындагы №4 жана №47 кесиптик техникалык лицейдин директорлору Медербек Аматовду жана Салтанат Бараканованы кабыл алды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө жогоруда аталган окуу жайдын ага устаты Кубанычбек Жусупов, профориентациялык иштер боюнча жооптуу өндүрүштүк окутуунун устаты Жылдыз Жолдошова, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков катышты.

Бул кабыл алуу иш-чарасы тараптардын макулдугу менен диний окуу жайлардын потенциалын көтөрүү, келечектеги жаш муундарга кесиптик багыт берүү максатында уюштурулду.

Келген коноктор ширетүүчү, жыгач иштетүүчү уста, интернет технологияларынын адиси, тикмечи, ашпозчу, балчы, чачтарач, айдоочу ж.б. кесиптер боюнча квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо меселесин айтып, окутуу жүргүзүлүшү бюджеттик негизде экендигин баса белгилешти.

Өз кезегинде Азирети Муфтий диний окуу жайда билим алып жаткан улан-кыздарга кошумча кесиптин ээси болуп калышына кызыкдар экенин, иш мерчемдер, макулдашуунун негизинде ырааттамалар түзүлүп, 2024-2025-окуу жылында эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жыйынтыгында жакынкы күндөрдө диний окуу жайдын жетекчилери, окуу бөлүм башчылары менен кесиптик лицейдин директорлору, окутуучуларынын жолугушуусу мерчемделди.