Билим күнүнө карата бир катар ДОЖ кызматкерлери сыйланды

2024-2025-окуу жылына карата бирдиктүү Тайпалык журнал боюнча өткөн семинарга активдүү катышкан  диний окуу жайлардын мугалимдери 1-cентябрь – Билим күнүнө карата КМнын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун буйругу менен сыйланышты.

Ага ылайык, Талас ш. “Чет тилдер” багытындагы кыздар медресесинин методисти Жаманкулова Багымбүбү Мусулумовна «Ардак грамота» менен сыйланса, Талас ш. “Чет тилдер” багытындагы кыздар медресесинин директорунун орун басары, мугалим Таштанбекова Максуда Канатбековна, Ош ш. “Саида Хадича” медресесинин мүдүрү Максутова Жанаргүл Маматказыевна жана Баткен облусу Кызыл-Кыя ш. “Азирети Айша эне” окуу борборунун мугалими Назарбаева Фатима Имамидиновна “Ыраазычылык баракча” менен сыйланышты.

Сыйлыктарды КМДБнын атынан облус жана шаардык казылар 1-сентябрь – Билим күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш чаранын алкагында расмий тапшырышты.

Айта кетсек, буга чейин КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибековдун демилгеси менен 2024-2025-окуу жылына карата тайпалык журнал боюнча диний окуу жайдын жетекчилеринин, мугалимдеринин, окуу бөлүм башчыларынын катышуусунда семинар-тренингдер өтүп, он-лайн талкуулар жүргүзүлгөн.