Чүй: Медресе мүдүрүнө «Мыкты жетекчи» медалы тапшырылды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысынын №62 буйругунун негизинде Жаң-Жер айылынын «Равза» медресесинин мүдүрү Каландаров Өскөнбай Касымовичке «Мыкты жетекчи» медалы ыйгарылды.

Сыйлык үстүбүздөгү жылдын 31-август күнү Жаң-Жер айылынын маданият үйүндө  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылына карата өткөн иш-чарада тапшырылды.