Таластагы имамдар 4 айлык окуу курсун аякташты

Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын тапшырмасы менен имамдардын билимин жогорулатуу максатында уюштурулган курс аяктап, Талас облусунун мусулмандар казыяты имамдарга сертификаттар ыйгарылды.

Сабактар КМДБ тарабынан берилген темалардын алкагында өтүлүп, дасыккан аалымдар 4 ай аралыгында Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча өздөрүнүн билимдери, тажрыйбалары менен бөлүштү.

«Урматтуу дин кызматкерлери! Мына ошентип 4 аралыгында акыйда боюнча сабактарыбыз жыйынтыкталды. Элибизге алган илимиңиздерди жеткирип, ак кызмат кыла бериңиздер. Мындан ары 6 айлык сабакты уюштурууну пландап жатабыз. Алдыдагы сабактарга барыбыз жан дилибизден берилип, активдүү катышалы»,- деди облус казысы.