Абдималик ажы Турсунбеков: Жаңы окуу жылында диний окуу жайларга өзгөчө көнүл бурулууда

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков облус аймагындагы диний окуу жайларга Кыргызстан мусулмандарыын Дин башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү тайпалык журналдарын тапшырды. Муну менен катар жаңы окуу жылында ДОЖдорго өзгөчө көнүл бурулуп жаткандыгын билдирди.

«Жаңы окуу жылына карата ДОЖдорго өзгөчө көнүл бурулууда. Жаңы окуу жылына карата КМДБ тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү тайпалык журналдары келди. Бул да болсо окуудагы ирээттүүлүктү камсыз кылууда жардам берет. Ошондой эле  ишмердүүлүктү мындан дагы арттыруу максатында мугалимдер үчүн жакында атайын семинар уюштуруу пландалууда. Бул жылы активдүү жана эң алдыңкы мугалимдер үчүн эркектерге бир, аялдарга махрамы менен бир умра сапарына жолдомо каралып жаткандыгы баарыбызды кубантат»— деди Абдималик ажы Турсунбеков

Айта кетсек, Ош облусунун аймагында 4 ислам институту, 28 медресе, 13 диний окуу борбор болуп, жалпы 45 диний окуу жай ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.