“Муьаз ибн Жабал” медресесинде ата-энелердин катышуусунда жыйын өтүп, билим алуудагы бир катар маселелер талкууланды

Баткен шаарындагы “Муьаз ибн Жабал” медресесинде ата-энелер жыйыны болуп, анда студенттеринин билим, тарбия алуусунда ата-энелер менен чогуу аракеттенүү, жетишкендиктер жана көйгөйлөр талкууланды.

Жыйынга  медресенин мүдүрү Султанмурат ажы Исираев баштаган медресе мугалимдери жана Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер иштер инспекциясы боюнча аймактык тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Абдыгапар Садиров катышып, адеп-ахлак, тартип, мугалимдерди урматтоо,  терс көрүнүштөрдүн алдын алуу тууралуу бир катар баяндамалар жасалды.

“Келечек муундун жашоосунда  ата-энесинин тарбиясы өзгөчө маанилүү. Ата-эне өздөрү үлгү болуп, баласына туура тарбия берсе, балдар аларды кайталайт. Ал эми ата-эне өздөрү түз жүрбөсө, жакшы бала кайдан чыксын? “балапан уяда эмнени көрсө учканда ошону алат” дегендей бала тарбиясында биргеликте аракет кылуубуз керек”, – деди  медресе мүдүрү.