Муфтияттын окуу бөлүмү медресе мугалимдерин атайын окуудан өткөрө баштады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Чүй облусуна жана Бишкек шаарына караштуу кыз-келиндер медресесинин мугалимдери үчүн  семинар-тренингдин 2 айлампасы өттү.

Бул күнү мугалимдерге экзамен-зачётту жүргүзүү, журналдарды толтуруу, сабакты инновациялык жана интерактивдик ыкма менен өтүү, куратордук отчёт, окуу план жана окуу программалар менен иштөө, календардык план менен иштөө, баалоонун, баа коюнун нормативдерди-упай, модулдук система жана педагогика жана методика боюнча усулдук иштелмелер боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Аталган семинар-тренингде КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков тренинг Азирети муфтий Абдулазиз кары Закировдун демилгеси жана буйругу менен уюштурулгандыгын, семинар-тренинг өз максатына жетип, мугалимдер активдүү катышкандыгын белгиледи. Ошондой эле, педагогика жана методика боюнча усулдук иштелмелердин алкагында Диний билим берүү мекемелеринде педагог-мугалимдердин сабак өтүүдөгү чеберчилигин калыптандыруу жана өркүндөтүү максатында жана окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу, сабак берүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында диний окуу жайларда бир ачык сабак жана бир класстан тышкаркы иш уюштуруу демилгеленди. Натыйжада жакынкы күндөрдө Бишкек аймагында КИУ, Чүй аймагында “Ала-Тоо 2” медресеси сабактарын өтүп беришмекчи. Ага жалпы мугалимдер катышып, өздөрүнүн анализдерин беришет деген пикирин кошумчалады.

Эскерте кетсек,  буга чейин семинар-тренингдин 1-айлампасы бардык региондордо өтүлүп, учурда  методикалык семинар-тренингдин 2 айлампасы бардык аймактарда өтүлөөрү мерчемделүүдө.