Жаңы-Ноокат айыл аймагында имамдарга атайын сабак уюштурулду

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы имамдарга сабак уюштурулууда. Окутуунун негизги максаты КМДБ тарабынан өтүлүүчү аттестацияга карата даярдык көрүү жана диний билимди жогорулатуу болуп саналат.

«Биз буга чейин айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарына жыйын өткөргөндө, имамдарга сабак уюштуруу тапшырмасы берилген болчу. Алгач Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү жооптуу имам Дилшодбек Сайпидинов баштап берди. Окутуунун негизги максаты КМДБ тарабынан өтүлүүчү аттестацияга карата даярдык көрүү жана имамдарыбыздын диний билимин жогорулатуу болуп саналат. Бүгүн акыйда боюнча «Бадул амалий» китебинен баштадык», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Ошондой эле сабактын жүрүшүндө Бекназар ажы Жапаров имамдарга Аалымдар Кеңешинин фатва-токтомдорун, КМДБ жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткаруу боюнча да баса белгилеп өттү.

«Сабак жумасына бир ирет болуп, көчмө сабак тартибинде ар кайсыл мечитте кезектешип өткөрүлмөкчү. Бул мечиттердин абалын жакшыртуудагы мелдешке да таасирин тийгизет. Анткени сабак өтүлүүчү мечит имамы кезегине карап, мечиттин тазалыгы ж.б. нерселерине көңүл буруп, даярдык көрөт», – деп билдирди Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, Жаңы-Ноокат айыл аймагында жалпы 37 мечит болсо, анын ичинен 33 имам сабакка катышууда. Сабак жумасына 1 ирет болуп, көчмө сабак тартибинде ар кайсыл мечитке кезектешип өткөрүлмөкчү.