Ош шаарында «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» тууралуу мыйзам долбоору талкууланды

Ош шаардык казыяты ШИИБ менен биргеликте калаадагы жалпы имамдарга КР ДИМК тарабынан сунушталган «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» тууралуу мыйзам долбоору боюнча талкуу өткөрдү.

Иш-чара Ыйык Куран окуу жана өлкөгө, шаарга жана жалпы элге дуба кылуу менен башталып, аталган мыйзам долбоору тууралуу элге туура маалыматтарды жеткирүү талкууланды.

«Жалпыга маалым болгондой, ДИМК тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоорун туура эмес түшүндүрүп, эл ичинде кайчы пикирди жаратып жаткандар чыкты. Биринчиден, “хижапты чечтирүү аракети жүрүп жатат” деген сөз туура эмес маалымат. Бул сунушталган мыйзамда “никаб” (кара чүмбөт, бетти жабуу) тууралуу айтылып жатат. Ал эми хижаб (парз) тууралуу эч кандай сөз болгон жок. Экинчиден, үйлөрдү такылдатууну токтотууну “дааватты жабуу” деп түшүнүү – бул ката. Себеби, исламдан башка ар түрдүү диндердин өкүлдөрү үйлөрдү кыдырып жүрүшөт. Жалпы эле туура эмес агымдардын ушул жол менен таратуусун токтотуу үчүн сунушталууда. Бул сунуш экендигин эстен чыгарбайлы. Ошондуктан ар түрдүү такталбаган маалыматтарга ишенип, провокацияга алдыруудан абайлаңыздар. Жалпы элге туура маалымат жеткизүүнү колго алыңыздар», – деди шаар казысы жыйында.

Муну менен катар шаар каазысы учурда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы, Аалымдар Кеңеши жана диний уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Муфтиятта атайын талкуулар өтүп, коомдук талкуудагы мыйзам долбоору боюнча бир катар сунуштар даярдалып жаткандыгын баса белгиледи.