Калыкул Тагаев: «Адептүүлүк жамандыктардан алыстатат»

Кечээ, 13-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылынын имамы Калыкул Тагаев Кашка-Суу айылындагы «Эсенкелди уулу Максатбек» атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, мугалимди сыйлоо, билим алуунун артыкчылыгы, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча лекция окуду.

«Адептүүлүк жамандыктардан алыстатат. Ар дайым жакшы окуп, түз жүрсөңөр түрдүү жамандыктардан алыс болосуңар. Илим алуу менен адамдын дүйнө таанымы кең болуп, болбогон нерселерге азгырылбайт. Ошондой эле, диний суроолор жаралса, интернеттен издебей, расмий имамдардан сурагыла. Анткени интернет желесинде диний маалыматтар абдан көбөйдү. Анын ичинен туурасын анализдеп тактоо кыйынга турат. Ошол себептен диний кызматкерлер ар дайым элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет», – деди айыл имамы Калыкул Тагаев.