Баткен: Медресе мугалимдерине окутуунун жаңы методдору боюнча семинар өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси жана буйругунун негизинде КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков Баткен облусуна иш сапары менен барып, Баткен обусунун аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу бөлүм башчылары жана мугалимдери үчүн атайын семинар өттү.

Семинар алкагында медресе мугалимдери окутуунун жаңы усулдарын үйрөнүшүп, студенттерге сапаттуу билим берүү жана алар менен иштөө, заманбап метод аркылуу сабактын кызыктуулугун арттыруу, ар бир студент менен жекече иш алып баруу, окуу план жана окуу программалар, календардык план менен иштөө, баалоонун, баа коюнун нормативдери-упай, модулдук система жана педагогика жана методика боюнча усулдук иштелмелер боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

«Азыркы убакта билим берүүнүн жаңы багыты жанданууда. Заман талабына ылайык, билим берүүнүн жаңы жолдору пайда болуп жатат. Окуу планы, программасы, анын мазмуну, окутуунун методдору, формалары, колдонулган окуу каражаттары жана анын натыйжалуулугун кайра карап чыгуу зарылдыктары келип чыгууда. Ошондуктан биз диний окуу жайларыбыздын мүдүрлөрүн, мугалимдерин 2-3 ирет окутуп, аларды заман талабына ылайык билим берүүнүн жаңы усулдарын үйрөтүүдөбүз», – деди КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков.

Окуу семинарына лектор катары катышкан Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов семинар мугалимдер үчүн пайдалуу болгонун айтып, Абдиназар Хаджибековго ыраазычылыгын билдирди.