«Муаз Ибн Жабал» медресесинде “Мамлекет жана дин” аталышында лекция өткөрүлдү

2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жана Аалымдар Кеңешинин №03-04 токтомдорун, Азирети Муфтийдин тиейиштүү буйруктарын аткаруу максатында Баткен шаарындагы «Муаз Ибн Жабал» медресеси тарабынан “Мамлекет жана дин” аттуу темада лекция уюштурулду.

Лекциянын коногу КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов болуп, ал студенттерге  Эгемендүү Кыргызстандын түптөлүсү, мамлекеттик символдор жана өлкөбүздөгү  диний саясат тууралуу маалымат берди.

Иш-чара суроо-жооп форматында коштолуп, студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Ал эми медресе мүдүрү Султанмурат ажы Исираев иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөн Чагылган Юсуповго ыраазычылык билдирип, Аалымдар Кеңешинин №03-04 токтомдоруна жана Азирети Муфтийдин тийиштүү буйруктарына ылайык, мындан ары медреседе Кыргыз тарыхы жана маданиятына багытталган кошумча сабактар өтүлүп турарын белгиледи.