«Азирети Али» медресесинде Кыргызстан тарыхы предмети окутулууда

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында жайгашкан «Азирети Али» медресесинде кошумча сабак катары Кыргызстан тарыхы предмети окутула баштады.

Сабактын алгачкы темасын Айдаркен шаарынын вице-мэри Азамат Саитов өтүп, медресе студентерине Мамлекеттик түзүлүш жөнүндө кеңири маалымат берди.

Белгилей кетсек, КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндөгү» жарлыгын, КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын жана Аалымдар Кеңешинин №03-04 токтомдорун, ошондой эле Азирети Муфтийдин тийиштүү буйруктарын аткаруу максатында Кыргызстан тарыхы жана маданияты багытындагы сабактар Баткен облусунун аймагындагы бардык диний окуу жайларга киризилди.